БЕЛГИЛҮҮ ОКУМУШТУУ БОТБАЕВА МИРА 90 ЖАШТА

  • 06.12.2017
  • 0

Эмгек жолу Кыргызстандын тарыхы менен тыгыз байланышкан көрүнүктүү инсан, өмүрү көпчүлүккө үлгү болчу педагог, жетекчи, илимпоз Ботбаева Миранын 90 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция И.Арабаев атындагы КМУда болуп өттү.

Иш-чарада КМУнун ректору Т.Абдырахманов Мира Махмутовна жана анын  окуу жайга сиёирген эмгеги, адамгерчилиги тууралуу айтып: «Мира Махмутовна – мыкты педагог-илимпоз, тажрыйбалуу жетекчи, өтө өрнөктүү адам катары бааланган университеттин ардактуу инсаны. Мен университетте окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп баштагандан бери Мира Махмутовна менен жакындан тааныш болуп калдым. Тажрыйбалуу адис, мыкты илимпоз катары бизге жардам берип, жаңы келген кадрларды дайым колдоп турчу. Ошол кезде эженин колунан тарбия алган студенттер, бүгүнкү күндө мамлекеттик жетекчилик кызматтарды аркалап келе жатышат. Негизи, М.Ботбаева өмүрүнүн дээрлик 66 жылын педагогикалык ишке, жогорку билимдүү кадрларды жана илимпоздорду даярдоого арнады. Мындай өрнөктүү өмүрүн элине арнаган инсанга жогорку даражадагы наам берүүсү үчүн КР Өкмөтүнө кат жөнөттүк», – деди.

М. Ботаеванын 90 жылдык мааракеси менен куттуктап жана анын жемиштүү эмгектерин эскерип ЖК депутаты О.Артыкбаев, «Курманжан Датка» кайрымдуулук фонддунун директору Ж.Жолдошева, КР УИАнын Химия жана химиялык технологиялар институтунун директору Б.Мурзубраимов, коомдук ишмер Т.Тургуналиев, белгилүү педагог А.Калдыбаева ж.б. белгилүү инсандар келишти.

«М.Ботбаева чынчылдык, эмгекчилдик, боорукерлик сыяктуу сапаттары жана өзүнө көмөк көрсөткөн адамдардын баалуу эмгек салымдарын барктай билгендиги менен адамдык кадыр-баркын арттырды жана элибиз сыймыктанган  илимпоздордун устаты боло алды. Өз бактысын билим берүү жана илим чөйрөсүнөн таап, миңдеген илимпоздорго татыктуу таалим-тарбия берип келген Мира эжекебиз 90 жаштык өмүр белесине жетип, бул күндөрү жакындарынын, кесиптештеринин, шакирттеринин сый-урматына ээ болуп отурат.  Эмгеги менен зор бакытка бөлөнгөн М.Махмутовнага «Курманжан Датка» наамын берүүсүн Өкмөттөн суранып жатабыз жана бул демилгени кыргыз эли колдойт деген ишеничтебиз», – деп билдирди ЖК депутаты О.Артыкбаев.

Ошондой эле Кетмен-Төбө өрөөнүнүн белгилүү инсандары, КМУнун түзүм башчылары М.Ботбаеваны 90 жылдыгы менен куттукташып, каалоо-тилектерин билдирип өтүштү.

Маараке ээсине И.Арабаев атындагы КМУнун, Кыргыз-түрк «Манас» университетинин, Талас мамлекеттик университетинин, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин «Ардактуу профессору» наамдары ыйгарылды.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер