БЕКТУР АГАЙ
- 18.10.2022
- 0
«Бектур агай» жылына арналган иш-чара облус ичинде кызуу жүрүп жатат.
Салтанат Бейшенованын маалыматына таянсак, Талас облусунун Бакай-Ата районундагы кыргыз тили сабагынын мугалимдери, Бектур Исаковдун 80 жылдыгына арналган облустук сынактын жеңүүчүлөрү 14-октябрь күнү Талас районунун Арал айылында жайгашкан Нанаев Касымкул орто мектебине барышты.
— Мектепте Бектур агайдын сабагына күбө болушту. Андан соң агай менен маек куруп, пайдалуу маалыматтарды алып кайтышты. Ошондой эле Бакай-Ата районундагы Э.Капалов орто мектебинде 21-октябрда боло турган облустук семинарга чакыруу кагазын тапшырышты, — дейт С.Бейшенова.
Г.А., “КБ”
Бөлүшүү
Комментарийлер