БАУДА ТИЛДИ ДА, ДИЛДИ ДА ҮЙРӨНӨСҮҢ

  • 17.02.2020
  • 0

Кечээ Нарындагы Борбордук Азия университетинде өткөн ачык эшик күнүнө барышкан жаштар, ата-энелер жана ЖМК өкүлдөрү окуу жай менен жакындан таанышып кайтышты.

БАУнун гуманитардык жана так илимдер мектебинин деканы Диана Пауна келген меймандар менен жылуу учурашкан соң, БАУнун кампусу жөнүндө кыскача маалымат берди. Андан соң таанышуу сессияларга бөлүнгөн топтордо уланды.

БАУнун коомчулук менен байланыштар боюнча өкүлү Акылбек Чымырбаевдин айтымында, социалдык, эконимикалык жана маданий багытта иш алып барган Агахан өнүктүрүү уюмунун негизги максаты – билим берүүгө инвестициялоо болуп эсептелет.

Учурда бул окуу жайда 138 студент билим алат. Анын ичинен 55 студент – Кыргызстандан, 20 студент – Нарын облусунан. 30га жакын окутуучулардын ичинен 10го жакыны жергиликтүү окумуштуулар.

Акылбек Нарын мамлекеттик университетитин алгачкы бүтүрүүчүлөрүнөн. Ал адегенде кыргыз тили курсунда сабак берип, беш ай иштеген. БАУда кыргыз тили азырынча курс деңгээлинде өтүлөт. Курста эки тайпа бар, биринчиси — Кыргызстандан келген студенттер үчүн, экинчиси – Казакстан, Азербайжан, Тажикстан, Пакистан, Афганистан, АКШ, Кения ж.б. келген студенттер үчүн. Алар кыргыз тилин үйрөнүүнү базарларга жана башка коомдук жайларга барганда иш жүзүндө бекемдешет.

БАУнун чет өлкөдөн келген студенттери ошол чөлкөмдө өткөн маданий-массалык иш-чаралардын дээрлик баарына жигердүү катышууга аракеттенишет. Алсак, жакында эле белгиленген Нарын облустук М.Рыскулов атындагы академиялык-музыкалык драмтеатрынын 80 жылдыгында, Пакистандан келген студенттер улуттук аспабында ойноп беришти.

Окуу жайда кыргыз жана англис тилин жана ошондой эле жергиликтүү жана башка элдин каада-салттарын, үрп-адаттарын жакындан үйрөнүү үчүн ыңгайлуу шарт түзүү максатында, жатаканага бир чет өлкө жаранын жана бир жергиликтүү жаранды жанаша жайгаштырышат.

Учурда БАУнун 12 пайызы гана курулгандыгын, калган 88 пайызы келечекте үч этап менен куруларын айткан Акылбек мырзанын маалыматы бизди бир чети таң калтырса, бир чети кубандырды.

Кампустан чыкпай билим алууга бардык шарттар түзүлгөн студенттердин окуу процесси эртең мененки саат 9дан кечки 18ге чейин созулат. Окуудан чарчаганда ортодо алар үчүн эки жолу жеңил шам-шум уюштурулат, андан тышкары, үч маал ысык тамагы бар. Студенттик бөлүмдө төрт тарбиячы, андан тышкары, коопсуздук кызматы иштейт. Алар алыстан ат арытып келген студенттердин тоо арасындагы билим алуусунун коопсуз жана пайдалуу болушуна кам көрүшөт.

 

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер