БатМУнун 100 ОРУНДУУ БАЛА БАКЧАСЫ
- 11.09.2024
- 0
Баткен мамлекеттик университетинин А. А. Машрабов атындагы Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институтунда 100 орундуу “Нукура” бала бакчасынын ачылышы болду.
Аземге окуу жайдын ректору, э.и.д, профессор Айдарбек Гыязов, Сүлүктү шаарынын мэри жана бала бакчанын кызматкерлери, ата-энелер катышты.
Иш-чарада ректор балдарга билим-тарбия берүү бакчадан башталарын белгилеп, окуу жай билим берүү жаатында бардык аракеттерди көрүп жаткандыгын кошумчалады. Ошондой эле бала бакчага белектерин тапшырды.
Бакчада бөбөктөр үчүн бардык шарттар түзүлдү. Сабактарды жана оюндарды өткөрүү үчүн бөлмөлөр, кийим алмаштыруучу жайлар, ашкана, музыкалык зал, медициналык кабинет, жана оюн аянтчалары камтылган.
Эскерте кетсек, Сүлүктү шаарында 30 пайыз гана балдар бала бакчага тартылган. “Нукура” бала бакчасынын ачылышы менен аймактагы балдардын бакчага баруу мүмкүнчүлүгү жогорулады.
Комментарийлер