БатМУ — илим менен ишкердикти айкалыштырган жаштардын ордосу

  • 05.06.2025
  • 0

Баткен мамлекеттик университетинин ректору, э.и.д.,

профессор Гыязов Айдарбек Токторовичтин

абитуриенттерге кайрылуусу

БатМУ - илим менен ишкердикти айкалыштырган жаштардын ордосу

 Урматтуу, абитуриенттер! Сиздерди Баткен мамлекеттик университетине чакырабыз!

Баткен мамлекеттик университети теориялык билим практикалык көндүмдөр менен тыгыз айкалышкан билимдин жана инновациянын заманбап борбору. Биз эмгек рыногунун учурдагы муктаждыктарына багытталган билим берүү программаларынын кеңири спектрин сунуштайбыз. Университетибиз заманбап материалдык-техникалык база менен жабдылып, студенттерге сапаттуу билим берүү үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.

Биздин профессордук-окутуучулар жогорку квалификациялуу адистер, алар өз билимдерин гана эмес, сиздин потенциалыңызды ачууга, креативдүү ой жүгүртүү жана чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүңүздү өнүктүрүүгө жардам берет. Биз, ар бир студент өзүнүн талантын жана жөндөмүн максималдуу түрдө арттыра ала турган шарттарды түзүүгө умтулабыз.

Баткен мамлекеттик университетинде бир гана академиялык билим эмес, инсандык жана кесипкөй өсүү үчүн да көптөгөн мүмкүнчүлүктөр бар. Биз, студенттердин демилгелерин активдүү колдоп, ишкердик идеяларын ишке ашырууга, илимий изилдөөлөргө, маданий жана спорттук иш-чараларга катышууга мүмкүнчүлүктөрдү түзүп беребиз. Тандалган кесибиңизде жана жашооңузда ийгиликке жетүүгө жардам бере турган баалуу көндүмдөргө жана тажрыйбага ээ болосуз.

Урматтуу абитуриент! Азыркы мезгилдин талабына ылайык билимдүү кесип ээси болгуңуз келсе, биздин окуу жайдын эшиги сиздер үчүн дайым ачык. Азыркы замандын талабына ылайык билим алгыңыз келсе, биздин окуу жай сизди күтөт.

Ата-энеңиздин алдында, алыска барбай сапаттуу жана заманбап билим алууга шашылыңыз! Сизди Баткен мамлекеттик университетибизден күтөбүз!

 

      БатМУ - илим менен ишкердикти айкалыштырган жаштардын ордосу

 

 

 

БАТКЕН МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ 2025-2026-ОКУУ ЖЫЛЫНА АБИТУРИЕНТТЕРДИ КАБЫЛ АЛУУНУ ЖАРЫЯЛАЙТ!

 

Баткен мамлекеттик университети 2000-жылдан бери областыбыздын жана республикабыздын ар кандай тармактарына жогорку жана орто кесиптик билими бар адистерди даярдап келүүдө.

Университет Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2019-жылдын 24-майындагы №D 2019\0017 каттоо номерлүү №LS 190002444 лицензиясынын негизинде жогорку жана орто кесиптик билим берүү укугуна ээ.

Азыркы учурда Баткен мамлекеттик университети эки аспирантура, беш магистр жана 14 бакалавр билим берүү программасы боюнча адистерди даярдайт.

БатМУ - илим менен ишкердикти айкалыштырган жаштардын ордосу

 БатМУнун Башкы мекемесине төмөнкү билим берүү багыттары боюнча абитуриенттерди кабыл алат:

 

А) АСПИРАНТУРА БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАЛАРЫ (КҮНДҮЗГҮ)

  • Математика
  • Экономика жана эл чарбасын башкаруу

 

Б) МАГИСТР БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАЛАРЫ (КҮНДҮЗГҮ ЖАНА СЫРТКЫ)

1.Табигый-илимий билим берүү (даярдоо профили: биология);

  1. Физика-математикалык билим берүү (даярдоо профили: математика);
  2. Филологиялык билим берүү (даярдоо профили: кыргыз тили жана адабияты);
  3. Социалдык-экономикалык билим берүү (даярдоо профили: тарых);
  4. Педагогикалык билим берүү (даярдоо профили: башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана усулу).

 

МАГИСТР БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫ БОЮНЧА:

Кабыл алуу 1-июлдан 20-августка чейин уланат.

— күндүзгү окутуу формасында 2 жыл;

— сырттан окутуу формасында 2,5 жыл;

 

В) БАКАЛАВР БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАЛАРЫ:

  1. Табигый-илимий билим берүү (даярдоо профили: биология).
  2. Физика-математикалык билим берүү (даярдоо профилдери: математика, информатика).
  3. Филологиялык билим берүү (даярдоо профилдери: кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, англис тили).
  4. Социалдык-экономикалык билим берүү (даярдоо профили: тарых).
  5. Педагогика (даярдоо профилдери: башталгыч билим берүү, мектепке чейинки билим берүү).
  6. Дене тарбия (ЖРТ керектелбейт).
  7. Колдонмо математика жана информатика.
  8. Экономика (даярдоо профили: каржы жана насыя).
  9. Юриспруденция.

 

ОКУУ МӨӨНӨТҮ:  жогорку бакалавр билим берүү программасы боюнча окуу мөөнөтү: күндүзгү бөлүм 4 жыл, сырткы бөлүм 5 жыл.

Биздин дарек: Баткен ш. И.Жусупов көчөсү 11

Биздин сайт: www.batmu.kg.

 

БАТКЕН МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН

КЫЗЫЛ-КЫЯ ТЕХНОЛОГИЯ, ЭКОНОМИКА ЖАНА УКУК ИНСТИТУТУ

 

БатМУ - илим менен ишкердикти айкалыштырган жаштардын ордосу 

В) БАКАЛАВР БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАЛАРЫ:

  1. Экономика («Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит», «Финансы жана кредит», Салык жана салык салуу»).
  2. Транспорт процесстеринин технологиясы (Жол кыймылынын коопсуздугу ОБД)
  3. Архитектура
  4. Курулуш (ПГС ЭиУН)
  5. Дизайн (графиканын дизайны, интерьердин дизайны, кийимдердин дизайны), (ЖРТ талап кылынбайт)
  6. Дене тарбия (аскерге чейинки даярдык жана дене-тарбия) (ЖРТ талап кылынбайт)
  7. Электрэнергетика жана электоротехника
  8. Лингвистика (англис тили)
  9. Педагогика (башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы, мектепке чейинки билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы)
  10. “IT- технолог”- адистиги
  11. “Дарылоо иши”- адистиги
  12. “Юриспруденция”-адистиги

ОКУУ МӨӨНӨТТӨРҮ: Жогорку бакалавр билим берүү программасы боюнча окуу мөөнөтү: күндүзгү бөлүм — 4 жыл. (архитектура 5 жыл), сырттан окуу бөлүмү — 5 жыл.

 

  1. Орто кесиптик билим берүү бөлүмү: 9-11-класстын базасында (колледж)

 

  1. Салык жана салык салуу.
  2. Банк иши.
  3. Экономика жана бухгалтердик эсеп.
  4. Авто унааларын техникалык тейлөө

жана оңдоо.

  1. Эсептөө техникасын жана компьютердик тармактарды техникалык тейлөө.
  2. Тигүү буюмдарды моделдөө жана конструкциялоо.
  3. Укук таануу.
  4. Социалдык педагогика.
  5. Электр менен жабдуу.
  6. Компьютердик системалар жана комплекстер.

11.Мектепке чейинки билим берүү.

  1. Башталгыч класстарда окутуу.
  2. Дене тарбия.
  3. Унаанын электр жабдууларын жана автоматикасын иштетүү.
  4. Кесиптик окутуу (тармактар боюнча).
  5. Чет тили.

 

ОКУУ МӨӨНӨТҮ: Орто кесиптик билим берүү боюнча 9-класстын базасында окуу мөөнөтү — 2 жыл 10 ай, 11-класстын базасында — 1 жыл 10 ай, сырткы бөлүм — 2 жыл 6 ай.

Биздин дарек: Баткен областы, Кызыл-Кыя шаары, Нигматулин көчөсү 1 А (ДКШ).

 

БАТКЕН МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН М.М.ТАЙИРОВ АТЫНДАГЫ КЫЗЫЛ-КЫЯ ГУМАНИТАРДЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК ИНСТИТУТУ

БатМУ - илим менен ишкердикти айкалыштырган жаштардын ордосу

 

Табигый илимдер жана дене тарбия факультети

 

Физика-математикалык билим берүү багыты (адистиги):

-физика профили;

— математика профили;

— информатика профили;

Табигый-илимий билим берүү багыты (адистиги):

— биология профили.

Дене тарбия багыты (адистиги):

-дене тарбия профили.

 

Педагогика факультети

Педагогика багыты (адистиги):

— башталгыч билим берүү педагогикасы жана методикасы профили;

— мектепке чейинки билим берүү профили.

 

Гуманитардык факультети

Филологиялык билим берүү багыты (адистиги):

— кыргыз тили жана адабияты профили;

— орус тили жана адабияты профили;

— чет тили профили.

 

Социалдык-экономикалык билим берүү багыты (адистиги):

-тарых профили.

 

Кесиптик орто билим берүү бөлүмү

— башталгыч класстарда окутуу;

— социалдык педагогика;

— колдонмо информатика;

— мектепке чейинки билим берүү;

— укук таануу.

 

Дареги: Кызыл-Кыя шаары, Дыйкан көчөсү №1

 

БАТКЕН МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН А.А.МАШРАБОВ АТЫНДАГЫ СҮЛҮКТҮ ГУМАНИТАРДЫК — ЭКОНОМИКАЛЫК ИНСТИТУТУ 

БатМУ - илим менен ишкердикти айкалыштырган жаштардын ордосу

В) БАКАЛАВР БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАЛАРЫ:

 

  • Филологиялык билим берүү багыты: кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, англис тили
  • Социалдык-экономикалык билим берүү багыты:тарых
  • Педагогика багыты: башталгыч билим берүү; көп тилдүү билим берүү мекемелеринин башталгыч классынын мугалими; мектепке чейинки билим берүү.
  • Табигый-илимий билим берүү багыты: биология
  • Физика-математикалык билим берүү багыты: математика
  • Колдонмо математика жана информатика
  • Экономика багыты: финансы жана кредит
  • Дене тарбия жана спорт

Жогорку билим (бакалавр) үчүн окуу мөөнөтү:  күндүзгү бөлүм — 4 жыл; сырткы бөлүм – 5 жыл.

 

 

  1. Орто кесиптик билим берүү бөлүмү 9-11-класстын базасында (колледж)

 

  • Салыктар жана салык салуу
  • Укук таануу
  • Экономика жана бухгалтердик эсеп
  • Мектепке чейинки билим берүү
  • Башталгыч класстарда окутуу
  • Жер астындагы пайдалуу байлыктардын кендерин иштетүү
  • Автоунааларды техникалык тейлөө жана түзөтүү
  • Эсептөө техникаларынын жана компьютердик тармактардын каражаттарын техникалык тейлөө
  • Электрдик станциялар, тармактар жана системалар
  • Унаада ташууларды уюштуруу жана башкаруу

Атайын орто кесиптик билим үчүн окуу мөөнөтү: 11-класстын базасында – 1 жыл 10 ай; 9-класстын базасында – 2 жыл 10 ай; 11-класстын базасында (сырттан) – 2 жыл 6 ай.

 

МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖ

БатМУ - илим менен ишкердикти айкалыштырган жаштардын ордосу

Адистиги Окуу акысынын суммасы

Күндүзгү бөлүм

060101 Дарылоо иши

30000 (3 жыл 6 ай)

060108 Фармация30000 (2 жыл 10 ай)
060109 Медайымдык иш30000 (2 жыл 10 ай)

 

Медициналык колледж

  • 11-класстын базасында күндүзгү бөлүмгө кабыл алынат.

Дареги: Сүлүктү шаары, И.Раззаков көчөсү–48.   Биздин сайт: www.batmu.kg.

БатМУ - илим менен ишкердикти айкалыштырган жаштардын ордосу

Окуу жайга тапшыруу үчүн керектүү документтер:

— ректордун наамына жазылган арыз;

— орто мектепти (аттестат), атайын кесиптик орто окуу жайын (диплом) же жогорку окуу жайын бүтүргөндүгүн тастыктаган диплому (чет мамлекеттик жарандар үчүн документеринин түп нускасы  кыргыз тилине  которулуп нотариалдык конторадан тастыкталуусу зарыл).

-№ 086-У формасындагы медициналык справка: (дене тарбия адистигине тапшыргандар үчүн)

— 3х4 өлчөмүндөгү фото сүрөт, 6 даана;

— паспорт же күбөлөндүрүүчү документ;

— ЖРТ (ОРТ) жыйынтыгынын сертификаты — (жогорку кесиптер үчүн);

— орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн адистиктерине жана чет өлкөдөн келген абитуриенттерге окуу жайдын сынагы менен кабыл алынат.

 

УРМАТТУУ,  АБИТУРИЕНТ! АЗЫРКЫ КЕЗДИН ТАЛАБЫНА ЫЛАЙЫК ЖОГОРКУ ЖАНА ОРТО КЕСИПТИК БИЛИМГЕ ЭЭ БОЛГУҢУЗ КЕЛСЕ, БИЗДИН ОКУУ ЖАЙДЫН ЭШИГИ СИЗДЕР ҮЧҮН АЧЫК!

 

Бөлүшүү

Комментарийлер