БАТКЕНДИКТЕРГЕ УСУЛДУК ЖАРДАМ КӨРСӨТҮЛДҮ
- 04.08.2026
- 0
Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасынын кеңешчиси Абдыкадыр Арынович Жунусов иш сапарынын алкагында Баткен облусуна келди.

Иш сапардын жүрүшүндө төраганын кеңешчиси Баткен облусундагы райондук жана шаардык кесиптик бирлик комитеттеринин төрагалары жана эсепчилери менен жолугушуп, Борбордук комитет тарабынан аткарылган иштер жөнүндө маалымат берип, кесиптик бирликтин ишмердүүлүгү, уюштуруу иштери, каржы-чарбалык документтерди жүргүзүү, бухгалтердик эсепти туура уюштуруу жана каржылык тартипти сактоо боюнча кеңири усулдук жардам көрсөттү.

Ошондой эле жолугушууда кесиптик бирлик уюмдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, финансылык отчеттуулукту талаптарга ылайык жүргүзүү, мыйзамдык ченемдерди так сактоо жана алдыдагы милдеттер боюнча практикалык сунуштар менен пикир алышуу жүргүзүлдү.

Иш-чарага Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин Баткен облусу боюнча өкүлү З.Бөтөков, ошондой эле Баткен облусунун райондук жана шаардык кесиптик бирлик комитеттеринин төрагалары жана эсепчилери катышышты.
Жолугушуу өз ара тажрыйба алмашуу, кесиптик бирлик уюмдарынын ишин мындан ары өркүндөтүү жана каржылык тартипти чыңдоо багытында жогорку деңгээлде уюштурулуп, катышуучулар үчүн пайдалуу усулдук кеңештер берилди.
Г.А., “КБ”
Комментарийлер