БАТКЕНДИК СТУДЕНТТЕР МЕНЕН ОКУУЧУЛАРГА АМЕРИКАДА ГРАНТТЫК НЕГИЗДЕ ОКУУГА МҮМКҮНЧҮЛҮК БЕРИЛЕТ

  • 16.11.2022
  • 0

15-ноябрда Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов Американын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн коомдук дипломатия боюнча кеңешчиси Миранда Люпион менен жолугушту.БАТКЕНДИК СТУДЕНТТЕР МЕНЕН ОКУУЧУЛАРГА АМЕРИКАДА ГРАНТТЫК НЕГИЗДЕ ОКУУГА МҮМКҮНЧҮЛҮК БЕРИЛЕТ

Жолугушууда маалым болгондой, Миранда Люпион айым Баткен облусунун аймагындагы мектептерде иштеген англис тили мугалимдерин, окуучуларды жана студенттерди, АКШдагы атайын гранттык программалардын негизинде окууга кабыл алууга даяр экендигин билдирди. Ошондой эле Баткендеги билим берүү мекемелерине англис тилин үйрөтүү боюнча атайын китептер жана керектүү окуу куралдары менен камсыздай тургандыгын айтты.

Андан сырткары студенттерге акысыз англис тилин окутуу боюнча программалар тууралуу маалымат берди.- деди Баткен шаарынын мэриясынын маалымат катчысы Алмазбек кызы Жазгүл.

БАТКЕНДИК СТУДЕНТТЕР МЕНЕН ОКУУЧУЛАРГА АМЕРИКАДА ГРАНТТЫК НЕГИЗДЕ ОКУУГА МҮМКҮНЧҮЛҮК БЕРИЛЕТБАТКЕНДИК СТУДЕНТТЕР МЕНЕН ОКУУЧУЛАРГА АМЕРИКАДА ГРАНТТЫК НЕГИЗДЕ ОКУУГА МҮМКҮНЧҮЛҮК БЕРИЛЕТ

Бөлүшүү

Комментарийлер