БАТКЕНДИК БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРГӨ ЖЕҢИЛДИКТЕР БЕРИЛЕТ

  • 21.05.2021
  • 0

Быйылкы окуу жылынын жыйынтыгы боюнча “Алтын тамгага” талапкер баткендик бүтүрүүчүлөргө артыкчылык берилет. Бул тууралууБолотбек Купешев Баткен облусунун Орто-Боз айылындагы Ж.Момунов атындагы орто мектептин жамааты жана окуучулары менен жолугушууда маалымдады.

Жолушуу учурунда мугалимдер бир катар социалдык маселелерди чечүүгө көмөктөшүүнү суранышты. Болотбек Купешев министрликтин компетенциясына кирген маселелердин чечилишин көзөмөлгө алаарын, облустук, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилерине, Баткен МУнун ректоруна тийиштүү тапшырмаларды берерин билдирди. Ал өз сөзүндө быйылкы окуу жылынын жыйынтыгы боюнча “Алтын тамгага” талапкер баткендик бүтүрүүчүлөргө артыкчылык берилерин белгиледи. Министрдин айтымында, кыргыз-тажик чек ара аймактарындагы кагылышуудан жабыркаган үй-бүлөлөрдүн балдары да жогорку окуу жайларга жеңилдиктер менен кабыл алынат.

БАТКЕНДИК БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРГӨ ЖЕҢИЛДИКТЕР БЕРИЛЕТ

Жолугушууга катышкан Баткен мамлекеттик университетинин ректору Айдар Кыязов чек арадагы кагылышуудан катуу жабыркагандарга жардам беришерин айтып, ошондой үй-бүлөдөгү 15 студентти контракт акчасынан бир жылга бошотушканын билдирди.

Өз кабарчы.

Бөлүшүү

Комментарийлер