Баткенде чек арадагы жаңжалда каза болгон аскерлердин элесине арналган мемориал ачылды
- 15.09.2023
- 0
Бүгүн Баткен шаарындагы “Жеңиш” паркында чек ара курмандыктарынын элесин түбөлүккө калтыруу максатында тургузулган эстелик мемориалынын ачылышы болду. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Эстелик мемориалында чек ара окуясынын курмандыгы болгон кичинекей Мадинанын элеси чагылдырылган. Колундагы жети көгүчкөн — тынчтыктын, жети облустун биримдигинин символу.
Мемориалды жергиликтүү скульптор Абдисапа Калматов жасаган.
Иш-чарагаминистрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев,Чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев, Дин аалымы Абдышүкүр ажы Нарматов, чек ара окуяларында каза болгон жарандардын жакындары, облустун активи катышты.
ш-чаранын катышуучулары каза болгон мекендештерге багыштап куран окуп, бата кылышты.
Комментарийлер