БАТКЕН: «ДООР ӨЗГӨРТКӨН БИЛИМ»
- 12.06.2026
- 0
Баткен облусунда билим берүү тармагындагы жаңы реформаларды коомчулукка түшүндүрүү максатында «Доор өзгөрткөн билим» аттуу масштабдуу форум өттү. Форумга агартуу министри Догдургүл Кендирбаева, президенттин Баткен облусундагы өкүлү Мамыржан Рахимов, мугалимдер жана ата-энелер катышты.

Президенттин аймактагы өкүлчүлүгү билдиргендей, форумдун башкы темасы мектептердин 12 жылдык окутуу тутумуна өтүшү жана анын артыкчылыктары болду.
Иш-чаранын жүрүшүндө өлкөдө жүргүзүлүп жаткан билим берүү реформаларынын негизги багыттары, 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн максаттары жана артыкчылыктары, окуу программаларын жаңылоо, билим берүүнү санариптештирүү жана билим сапатын жогорулатуу боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу сөз болду.

Форумдун алкагында катышуучулар билим берүү тармагындагы өзгөрүүлөр боюнча пикир алышып, ата-энелерди кызыктырган суроолорго жооптор кайтарылды. Ошондой эле жаңы форматтагы билим берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү жана келечектеги артыкчылыктары боюнча маалыматтык презентациялар сунушталды.

«Доор өзгөрткөн билим» форуму билим берүү реформаларынын маңызын коомчулукка жеткирүүгө, ата-энелер менен билим берүү кызматкерлеринин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү бекемдөөгө жана реформаларды ийгиликтүү ишке ашырууга багытталган маанилүү аянтча болгонун айтып кетүү парз.
Г.А., “КБ”
Комментарийлер