Батир, унаалар, акчалай сертификаттар: Бишкекте мугалимдер күнү белгиленди

  • 03.10.2026

Бүгүн, 3-октябрда, Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз Республикасынын Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Батир, унаалар, акчалай сертификаттар: Бишкекте мугалимдер күнү белгиленди

Майрамдык иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Кыргыз Республикасынын Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев жана борбор калаанын билим берүү тармагынын өкүлдөрү катышты.

Бишкек шаарынын мэри педагогдорду кесиптик майрамы менен куттуктап, мугалимдердин жаш муунду окутуу жана тарбиялоодогу ордун белгиледи.

«Бүгүнкү күндө мугалим, мектеп директору — бул жөн гана кесип эмес, борбор калаанын жана жалпы мамлекеттин өнүгүүсүнүн маанилүү бөлүгү. Кайсы жерде маанилүү иш-чаралар өтпөсүн, биз ар дайым сиздерге кайрылабыз, сиздердин кесипкөйлүгүңүздөргө, тажрыйбаңыздарга жана терең билимиңиздерге таянабыз. Сиздердин тажрыйбаңыздар менен билимиңиздер чындап эле баа жеткис», — деди мэр.

Учурда Бишкек шаарындагы 122 муниципалдык мектепте, 129 мектепке чейинки билим берүү уюмунда жана кошумча билим берүү мекемелеринде 12 миңден ашык педагогикалык кызматкер эмгектенет. Батир, унаалар, акчалай сертификаттар: Бишкекте мугалимдер күнү белгиленди

Акыркы үч жылда борбор калаада 26 жаңы мектеп жана окуу корпусу курулуп, пайдаланууга берилди. Мындан тышкары, 144 билим берүү мекемесинде капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүп, 21 жаңы бала бакча жана эки кошумча корпус ачылды.

Шаарда кошумча билим берүүгө да көңүл бурулуп, учурда 335 ийрим иштеп, аларга 14 миңден ашуун бала катышууда. Балдардын техникалык чыгармачылыгын, интеллектуалдык жана чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган жаңы Жаш техниктер станциясы да ишке киргизилген.

Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө «2026-жылдын мыкты мугалими» шаардык сынагынын жеңүүчүлөрү да сыйланды. Биринчи, экинчи жана үчүнчү орундарды ээлеген 52 мугалимге 60, 80 жана 100 миң сом өлчөмүндөгү акчалай сертификаттар тапшырылды. Батир, унаалар, акчалай сертификаттар: Бишкекте мугалимдер күнү белгиленди

Сынактын жыйынтыгы боюнча өзгөчө айырмаланган үч педагогго мэр тарабынан кошумча сыйлыктар берилди. №84 мектептин «Адам жана коом» сабагынын мугалими Нургүл Карыбековага Chevrolet Cobalt, №118 мектептин тарых мугалими Жылдыз Белековага Chevrolet Tracker үлгүсүндөгү автоунаалардын ачкычы тапшырылды. Батир, унаалар, акчалай сертификаттар: Бишкекте мугалимдер күнү белгиленди

Ал эми эң жогорку жыйынтыкты көрсөткөн №31 мектептин музыка мугалими Нурбек Айдарбек уулуна МИКтин турак жай программасынын алкагында «Асман Резиденс» турак жай комплексиндеги бир бөлмөлүү батирдин ачкычы тапшырылды. Ошондой эле анын үй-бүлөсүнө керектүү тиричилик техникаларын сатып алуу үчүн 500 миң сомдук сертификат берилди. Батир, унаалар, акчалай сертификаттар: Бишкекте мугалимдер күнү белгиленди

Мындан тышкары, билим берүү тармагында өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге ыраазычылык каттары, Ардак грамоталар, күмүш төш белгилер жана «Патриот» белгиси тапшырылды. Ошондой эле Агартуу министрлигинин, Бишкек шаардык кеңешинин жана мэриянын атынан кол сааттар жана баалуу белектер берилди. Батир, унаалар, акчалай сертификаттар: Бишкекте мугалимдер күнү белгиленди

Майрамдык иш-чарага чакырылган билим берүү тармагынын кызматкерлерине да эстелик белек катары аэрогрилдер тапшырылды. Батир, унаалар, акчалай сертификаттар: Бишкекте мугалимдер күнү белгиленди

Салтанаттуу иш-чара чыгармачыл жамааттардын жана аткаруучулардын катышуусундагы концерттик программа менен жыйынтыкталды.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү