БАШТАЛГЫЧ ЖАНА ОРТО БИЛИМ БЕРҮҮ ОКУУ ЖАЙЛАРЫ ЭМЕРЕКТЕР МЕНЕН КАМСЫЗ БОЛДУ

  • 11.06.2024
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Азия Өнүктүрүү Банкынын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр» долбоорунун алкагында Жалал-Абад облусунун колледждери жана кесиптик лицейлери окуу эмеректери менен камсыз болду.

БАШТАЛГЫЧ ЖАНА ОРТО БИЛИМ БЕРҮҮ ОКУУ ЖАЙЛАРЫ ЭМЕРЕКТЕР МЕНЕН КАМСЫЗ БОЛДУ

Маалыматка ылайык, Базар-Коргон шаарындагы №63 кесиптик лицейге (КЛ) жалпысынан 553 930 сомго эмерек (парталар, окуу стулдары, доскалар, шкафтар, илгичтер) коюлган. Майлуу-Суу шаарындагы №76 КЛге 970 840 сом суммасына эмерек (конференц-зал үчүн стол жана стулдар, парталар, окуу стулдары, доскалар, шкафтар, илгичтер) жеткирилип берилди. Ушундай эле эмеректер менен Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Майлуу-Суу колледжи 1 376 280 сомго, Кара-Көл колледжи 2 547 230 сомго жана Кербен шаарындагы № 69 КЛ 553 932 сомго жабдылган. Бардык эмеректер сапаттуу, коопсуз материалдан жасалган.

БАШТАЛГЫЧ ЖАНА ОРТО БИЛИМ БЕРҮҮ ОКУУ ЖАЙЛАРЫ ЭМЕРЕКТЕР МЕНЕН КАМСЫЗ БОЛДУ

Белгилей кетсек, аталган окуу жайларда буга чейин «Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү көндүмдөрү» долбоорунун алкагында оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн жана алар кеңсе жабдуулары менен камсыз болгон.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер