БАШТАЛГЫЧ МЕКТЕПТЕ ЧЫГАРМАЧЫЛ ЖАЗУУГА ҮЙРӨТҮҮ
- 26.03.2024
- 0
USAID Эл аралык өнүктүрүү агенттиги тарабынан түзүлгөн “Окуу керемет” долбоорунун алкагында ЖОЖдо ментордук колдоо программасы ишке ашып жатат.
Маалыматка ылайык, ОшМПУнун менторлору мектеп мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу, ЖОЖго чейинки даярдоо жана үзгүлтүксүз билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси, п.и.д Жыпаргүл Шербаева жана Зырапа Абдывасиевалар эки максаттуу кафедранын окутуучуларына тренинг өтүштү.
Тренингге педагогика жана психология кафедрасы менен башталгыч, мектепке чейинки билим берүү теориясы жана усулдук кафедрасынан жалпы 23 окутуучу катышып, алар “Башталгыч мектепте чыгармачыл жазууга үйрөтүү” деген темада жаңы усулдук билимдерге ээ болушту.
Мында катышуучулардын башталгыч мектепте окутуу процессинде окуучулардын чыгармачыл жана күн сайын жазуу көндүмдөрүн өнүктүрүү боюнча кесиптик деңгээлин жогорулатуу башкы максат болуп саналат. Ошондуктан тренингде чыгармачыл жазуу деген эмне, анын түрлөрү, көнүгүүлөрү жана бул теманын негизинде жүргүзүлгөн изилдөөлөр боюнча толук түшүнүктөр берилди.
Бул менен катар менторлор балдардын сөз байлыгын кеңейтүү, эс тутумун, логикасын өнүктүрүү, ой жүгүртүү процесстерин түзүмдөштүрүү, жазуучулук маданиятты өнүктүрүү тууралуу да маалыматтарды айтып, өздөрүнүн усулдук тажрыйбалары менен бөлүштү.
Г.А., “КБ”
Комментарийлер