БАШТАЛГЫЧ КЛАССТЫН ОКУУЧУЛАРЫНА АЙРАН БЕРИЛЕТ

  • 22.11.2022
  • 0

Кыргызстандагы 124 мектептин башталгыч класстарынын окуучулары активдүү өсүү мезгилинде жергиликтүү өндүрүлгөн кефир аркылуу керектүү азыктарды алышат. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.

БАШТАЛГЫЧ КЛАССТЫН ОКУУЧУЛАРЫНА АЙРАН БЕРИЛЕТ

Маалыматта айтылгандай, мындай мүмкүнчүлүккө Мерсико тарабынан ишке ашырылып жаткан USDA МакГоверн-Доулдун «Билим үчүн азык жана балдардын тамактануусу» программасынын алкагында жетүүгө мүмкүн болду.
“Мерсико тарабынан «Белая река» жергиликтүү өндүрүшүнөн сатып алынган жалпысынан 141 000 литр кефир төрт аймактагы башталгыч мектептерге таратылат: Чүй облусунда 19 мектеп, Жалал-Абад облусунда 26 мектеп, Ош облусу боюнча 64 мектеп жана Баткен облусунда 15 мектеп. Ар бир кыргызстандык окуучу күн сайын 40 граммдан дени сак өсүү үчүн кальцийдин, бифидобактериялардын жана башка белоктордун булагы болгон кефир алат. Беш жылдын ичинде «Билим берүү үчүн азык жана балдардын тамактануусу» программасы жергиликтүү кефир өндүрүүчүлөр менен биргеликте 400дөн ашык мектепти кефир менен камсыздоону көздөп жатат”, — деп айтылат билдирүүдө.
2022-2023-окуу жылында программанын биринчи агымындагы 124 мектеп азык-түлүктөн тышкары, мектептердин ашканаларын оңдоп, окуучуларга ысык тамак даярдоо үчүн жаңы жабдууларды ала алышат. Ошондой эле Программа окуучулардын жана мугалимдердин ден соолугун жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн мектептерде суу, санитария жана гигиена инфраструктурасын калыбына келтирүүдө. Мындан тышкары, мектеп жамааты жана ата-энелер кыргызстандык балдардын рационун, ден соолугун жана тамактануусун жакшыртуу үчүн зарыл болгон окуулардан өтүшөт.

Бөлүшүү

Комментарийлер