Башталгыч кесиптик билим: эмгек рыногуна 13 998 жаш адис даяр
- 29.05.2026
- 0
Бүгүн, 29-майда, №98 Байланыш жана маалымат технологиялар кесиптик лицейинде “Акыркы коңгуроо” салтанаты өттү. Бул жыл окуу жай үчүн өзгөчө мааниге ээ. Анткени лицейдин быйылкы 60 жылдык мааракесинде биринчи жолу эки жылдык окуу мөөнөттө билим алган 184 бүтүрүүчү уядан учту.

Салтанаттуу иш-чарага 115 ата-эне, он иш берүүчү мекеменин өкүлдөрү жана лицейдин өнөктөштөрү катышып, бүтүрүүчүлөргө ак жол каалашты.
Иш-чаранын жүрүшүндө ата-энелерге акыркы эки жыл ичиндеги лицей тарабынан жүргүзүлгөн окуу-тарбиялык иштер, жетишкендиктер жана ийгиликтер тууралуу кеңири маалымат берилди.

Бул аралыкта окуучулардын катышуусунда окуу-тарбия багытында 50дөн ашык иш-чара уюштурулуп, кесиптик багытта 14 хакатонго активдүү катышуу камсыздалды.
«Айрыкча “чач тарач” кесибинин окуучулары дүйнөлүк чемпионатта II орунду багындырганы ата-энелерди жана конокторду кубанычка бөлөдү. Ата-энелер өз сөздөрүндө балдарынын сапаттуу билим жана тарбия алып жаткандыгына ыраазычылык билдиришип, дал ушул окуу жайды тандаганына сыймыктанарын белгилешти» — деди окуу жайдын директору Чинара Сагынбековна.

Быйылкы бүтүрүүчүлөрдүн арасында төрт окуучу кызыл аттестатка, 35 окуучу кызыл дипломго талапкер болууда. Бул — лицейдин мугалимдери менен өндүрүштүк окутуунун устаттарынын талыкпаган эмгегинин жыйынтыгы
Эске салсак, 2025-2026-окуу жылында башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарын 13 998 окуучу аяктады. Бүтүрүүчүлөрдүн 13349у бюджеттик, ал эми 649у контракттык негизде билим алышты.
Мисалы, борбордогу №3 лицейи 503 бүтүрүүчүнү уядан учурду. Алардын 380и эки жылдык мөөнөттө, 123ү он айлык мөөнөттө билим алышты.

Ал эми Сокулук районундагы КГТУнун И. Раззаков атындагы университетинин алдындагы Б. С. Шаршенбаев атындагы №43 кесиптик лицейин 97 окуучу ийгиликтүү аяктады. Алар ашпозчу-кондитер, айыл чарба өндүрүшүнүн устаты жана швея адистиктери боюнча билим алып, эмгек рыногуна даяр адис болушту.

Иш-чарада лицейдин директору Нурсултан Жаныбеков бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, алардын келечегине чоң ишеним артыларын белгиледи.
- Бүгүн силер үчүн өзгөчө күн. Лицейдеги билим алуу жолуңар соңуна чыгып, чоң турмушка кадам таштап жатасыңар. Биз силердин кесипкөй, жоопкерчиликтүү жана мекенге пайда алып келген жаран болуп өсөрүңөргө ишенебиз. Эмгектенүүдөн коркпогула, дайыма изденип, өз кесибиңердин мыктысы болууга аракет кыла бергиле. Алдыңарда чоң мүмкүнчүлүктөр күтүп турат. Ар дайым ийгилик силер менен болсун, ак жол!” — деди директор Нурсултан Жаныбеков.

“Акыркы коңгуроонун” жаңырыгы бүтүрүүчүлөр үчүн окуучулук доор менен коштошуу гана эмес, жаңы максаттарга жана чоң үмүттөргө жол ачкан символ болду.
Айгерим Токтобаева, «Кут Билим»














Комментарийлер