БАШТАЛГЫЧ КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮНҮН КӨЙГӨЙЛӨРҮ ЖАНА ПЕРСПЕКТИВАЛАРЫ ЖӨНҮНДӨ КОЛЛЕГИЯНЫН ОТУРУМУ ӨТТҮ

  • 09.08.2023
  • 0

8-августта башталгыч кесиптик билим берүүнүн көйгөйлөрү жана перспективалары жөнүндө Билим берүү жана илим министрлигинин көчмө коллегиясынын жыйыны өттү.

post.title

Жыйынга билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев, министрдин орун басарлары Уланбек Усеков, Расул Абазбек уулу, Токтобүбү Ашымбаева, Аида Рысбаева, Бекжан Супаналиев, Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гульнур Мамырова, Республикалык илимий-методикалык борборунун директору Акпаралы Карабаев, К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин ректору Абдылда Мусаев, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Айгүл Абдраева жана кесиптик лицейлердин директорлору катышты.

Кесиптик лицейлердин директорлору окуу жайлардын ишмердүүлүгү жөнүндө презентацияларды жасашты.

Отурумдун катышуучулары башталгыч кесиптик билим берүүнүн көйгөйлөрү жана перспективалары, кесиптик лицейлердин имараттарын жана курулмаларын инвентаризациялоо жөнүндө маалыматтарды угушту.

Отурумдун жыйынтыгында англис тилин окутууну күчөтүү, билим берүүнүн дистанттык формаларын өнүктүрүү, окуу процессин жана административдик процедураларды санариптештирүү, дуалдык жана гибриддик окутуу боюнча келишимдерди көбөйтүүнү камсыз кылуу, атайын эсепти көбөйтүүгө көмөк көрсөтүү, иш берүүчүлөр менен өз ара пайдалуу мамилелерди түзүү, эл аралык эмгек рыногунда суроо-талапка ээ боло турган адистерди даярдоо үчүн билим берүү чөйрөсүн калыптандыруу, кесиптик лицейлердин жетекчилери үчүн тренингдерди уюштуруу, энергетика тармагында кадрларды даярдоо боюнча Казарман айылындагы № 45 кесиптик лицейи менен Бишкек шаарынын №100 кесиптик лицейи ортосунда кызматташуу жөнүндө Меморандумду даярдоо, бош имараттарды кайра профилдештирүү боюнча токтом кабыл алынды. Ал эми кесиптик лицейлерге билим берүү мыйзамдарына ылайык жол карталарын иштеп чыгуу, стратегиялык пландарга өзгөртүүлөрдү киргизүү, кабыл алуу кампаниясын уюштуруу тапшырылды.

Бөлүшүү

Комментарийлер