БАШТАЛГЫЧ КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ:ОКУТУУЧУЛАР ЗАМАНБАП ТЕХНОЛОГИЯЛАРДЫ ҮЙРӨНҮШТҮ
- 28.05.2026
- 0
«Республикалык илимий-методикалык борбор» (РИМБ) мекемесинин 2026-жылга карата иш планынын алкагында “Келечектин окутуучусу: жасалма интеллект, санариптик платформалар жана окутуунун жаңы ыкмалары” аттуу онлайн ачык мастер-класс уюштурулду.

Иш-чарага башталгыч кесиптик окуу жайларынын директорлорунун орун басарлары, IT мугалимдери жана педагогдор катышып, билим берүү процессинде заманбап технологияларды колдонуу боюнча тажрыйба алышты.
Мастер-классты РИМБдин директору Акпаралы Карабаев ачып, жасалма интеллект жана санариптик платформалар билим сапатын жаңы деңгээлге көтөрүүчү маанилүү курал экенин белгиледи. Ал окутуучулар санариптик көндүмдөрүн үзгүлтүксүз өнүктүрүп турушу зарыл экенине токтолду.

Агартуу министрлигинин Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнура Кусеинова кесиптик билим берүү тармагында санариптештирүү өзгөчө мааниге ээ болуп жатканын айтып, педагогдорду жаңы технологияларды сабакта активдүү колдонууга чакырды.
Мастер-классты Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу №99 Маалыматтык технологиялар кесиптик лицейинин окутуучусу жана өндүрүштүк окутуунун мастери С.К. Канатбеков өткөрдү. Ал жасалма интеллектти сабакта колдонуу, окуу процессин автоматташтыруу жана интерактивдүү платформаларды пайдалануу боюнча практикалык тажрыйбасы менен бөлүштү.

Катышуучулар ChatGPT, Gemini, Microsoft Copilot, Canva жана Notion AI сыяктуу заманбап санариптик куралдардын мүмкүнчүлүктөрү менен таанышышты. Ошондой эле аралыктан окутуу, интерактивдүү байланыш жана “тескери класс” сыяктуу жаңы методдор боюнча практикалык тапшырмалар аткарылды.
Иш-чара педагогдордун санариптик сабаттуулугун жогорулатууга, кесиптик билим берүү системасына инновациялык технологияларды киргизүүгө жана эмгек рыногунун талаптарына жооп берген адистерди даярдоого багытталганы белгиленди.
Айгерим Токтобаева, «Кут Билим»






Комментарийлер