БАШТАЛГАН РЕФОРМАЛАРДЫ ЭЛ КОЛДОП ЖАТАТ

  • 18.11.2022
  • 0

Советтер Союзу тараганы бийликке жарыбай келдик. Акаевдин учурунда жүздөгөн завод-фабрикалар, мекеме-ишканалар, колхоз-совхоздор талкаланып, тонолуп, сатылып кеткендиги эч кимге жашыруун эмес. Натыйжада жүз миңдеген мекендештерибиз көр оокаттын айынан чет жерге мигрант болуп кетишти. Кете албагандары ички мигрант болуп борборго, Чүйгө келишти.

БАШТАЛГАН РЕФОРМАЛАРДЫ ЭЛ КОЛДОП ЖАТАТ

Ансыз да өтө жетишпей жаткан мектеп, бала бакча, транспорт маселелери кылым көйгөйүнө айланган. Акаевдин саткын бийлиги баш болгон кийинки алдым-жуттум төбөлдөр бул маселени эч чечпей келишкен. Ал түгүл айрым бала бакчалар, социалдык мекемелер менчикке өтүп, дүкөн, кеңсе ж.б. айландырылган. Мындай терс көрүнүш өлкө боюнча бардык тармакта мүнөздүү болгон. Академик-Президенттин учурунда билим берүү тармагы болуп көрбөгөндөй башаламандыкка туш болгон.  Ал кезде билим берүүнүн сапаты жөнүндө сөз кылуу мүмкүн болбой калган. Ошол кезде “жасалма” диплом деген түшүнүк пайда болгон. Ал дипломдордун чуусу азыр дагы уланууда. Жогорку окуу жайлардын саны элүүдөн ашып кеткен. Эске салсам, Союз убагында республикада бир-эки гана жогорку окуу жайы болгон.

Азыркы Президентибиз
С.Жапаровдун бийликке келиши менен СССР мезгилинен берки көйгөйлөр четинен чечиле баштады. Өлкөдө болуп көрбөгөндөй чоң реформалар жүрүүдө. Алардын ичинде жүрөк өйүткөн мектеп көйгөйү абдан жакшы чечилип жатат. Бишкекте эле алты айда он беш мектеп, бир бала бакча толук курулуп ишке берилди. Мугалимдердин айлыгы эки эсеге көтөрүлдү. Билим берүү тармагына чындап мамлекеттик деңгээлде көңүл бурула баштады. Мындай республиканын тарыхында болгон эмес.

Эгерде курулуш иштери ушундай нукта жүргүзүлсө, жакынкы жылдарда өлкөдө мектеп, бала бакча маселеси толук чечилип калаары анык болуп калды. Учурда мекенибизде чоң реформалар биз  күткөндөй жакшы ишке аша баштады. Өлкөдөгү жалпы реформалардын ийгиликтүү жүрүшү ички жана тышкы “душмандардын” тынчын алууда. Бирок  жалпы элибиз реформалардын жакшы жүрүшүн чын ниеттен колдоого алышууда. Ушундай маалда элибиз ынтымакта бир муштум болуп биригүүсү өтө зарыл.

Жолдошбек Стамалиев,
Бишкек шаары

Бөлүшүү

Комментарийлер