БАШКАНЫ КОЮП “МАНАСТЫ” АЙТ

  • 25.02.2019
  • 0

Ысык-Кѳл облусуна караштуу  Ак-Суу районунда «Манас таануу» таймашынын сынагы болуп ѳттү. Сынакта Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча «Манас» эпосунан  суроолор берилди. Айтпаев Аман атындагы орто мектебинен «Бакай» тобу берилген суроолорго так жана туура  жооп берүү менен ѳзүлѳрүнѳ 20 балл топтоп, орус тилдүү мектептердин арасынан  1-орунга ээ болушуп, облустук турга жолдомо алышты.

БАШКАНЫ КОЮП “МАНАСТЫ” АЙТ

  • Бул жылдарга чейинки убактарда ѳзүм Айтпаев Аман атындагы орто мектебинде кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп үзүрлүү эмгектенип келатам. Ошону менен катар эле «Манас» ийримин 2015-2016-окуу жылынан бери жетектейм. Бул ийримде эки топту түзүп даярдагам. Алар: «Манас», «Бакай» топтору. Топто мектептен 5-10- класска чейинки окуучулар океандай болгон «Манас» эпосун талыкпастан кызыгып, окуп келишет. Алар: Жээнбеков Жакшылык, Ырыскелди кызы Айгерим, Аблабек кызы Айзат, Азамат кызы Махабат, Шаршекеева Сезим ж.б., — дейт кыргыз адабияты мугалими Бактыгүл Маанаева.
  • БАШКАНЫ КОЮП “МАНАСТЫ” АЙТ

Ак-Суу районунда  2017-жылы  ѳткѳрүлгѳн «Саякбай» коомдук фонду тарабынан уюштурулган   «Манас таануу» таймашында  «Манас» тобу катышып, берилген суроолорго туура жооп берип,  3-даражадагы диплом,  3- даражадагы медаль менен сыйланышкан. Ал эми 2018-жылы облуста ѳткѳрүлгѳн «Манас таануу» таймашында дагы эле «Манас» тобу сынакка катышып, орус тилдүү мектептердин арасында 1-орунду багындырып, 1- даражадагы дипломго ээ болушту.  Быйылкы таймашта облустук турга жолдомо алышты. Демек, бул топтун алдында эми  эң чоң милдет турат.

   Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер