БАЛЫКЧЫДА «ЖЫЛДЫН МЫКТЫ САНАРИП МУГАЛИМИ-2020» СЫНАГЫНЫН ЖЕӉҮҮЧҮЛѲРҮ СЫЙЛАНДЫ

  • 18.06.2020
  • 0

Балыкчы шаарында педагогикалык чеберчилик боюнча өткөрүлгөн “Жылдын мыкты санарип мугалими -2020” сынагында баш байгеге кыргыз тилде окуткан мектептерден №4 гимназия мектебинин башталгыч классынын мугалими Жунушева Гульмира татыктуу болду. Окутуу  орус  тилиндеги мектептерден баш байге №1 Л.Толстой атындагы гимназия мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Бейшембиева Гульнурага ыйгарылды.

 

БАЛЫКЧЫДА «ЖЫЛДЫН МЫКТЫ САНАРИП МУГАЛИМИ-2020» СЫНАГЫНЫН ЖЕӉҮҮЧҮЛѲРҮ СЫЙЛАНДЫ

 

 

Калган байгелүү орундарды багындырган мугалимдер:

  • 1-орун — №10 Манас атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин  башталгыч классынын мугалими Жузбай кызы Айнура;
  • 2-орун –Ташиева  Аида, №9 Н.Крупская атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин тарых мугалими;
  • 2-орун (орус тилдүү мектептер боюнча) — Шаакеримова Бактыгүл, №5 Ч.Айтматов атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими;
  • 3-орун – Оторбаева  Динара, №8 К.Жакыпов атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин башталгыч классынын мугалими;
  • 3-орун – Сатаева Гүлнура, №2 Ж.Бөкөнбаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин башталгыч классынын мугалими;

БАЛЫКЧЫДА «ЖЫЛДЫН МЫКТЫ САНАРИП МУГАЛИМИ-2020» СЫНАГЫНЫН ЖЕӉҮҮЧҮЛѲРҮ СЫЙЛАНДЫ

 

Номинациялар боюнча жеңүүчү аталган мугалимдер:

  •   “Аракетчил мугалим” – Муктарбек кызы Кундуз №7 Калыгул Бай уулу  атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин  кыргыз тили жана адабияты мугалими;
  • “ Педагогикалык чеберчилиги үчүн”  -Байгазиева Айпери, №6 С.Каралаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин англис тили мугалими;
  • “ Өнөрлүү мугалим”  -Чынгышбаева Жылдыз, №3 К.Абдылдаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин биология мугалими;

БАЛЫКЧЫДА «ЖЫЛДЫН МЫКТЫ САНАРИП МУГАЛИМИ-2020» СЫНАГЫНЫН ЖЕӉҮҮЧҮЛѲРҮ СЫЙЛАНДЫ

 

БАЛЫКЧЫДА «ЖЫЛДЫН МЫКТЫ САНАРИП МУГАЛИМИ-2020» СЫНАГЫНЫН ЖЕӉҮҮЧҮЛѲРҮ СЫЙЛАНДЫСынактын биринчи этабы мектептерде өттү, экинчи шаардык этабына ар бир мектептен бирден мугалим катышты. Финалдык турда конкурсанттар “Менин педагогикалык концепциям” деген темада ѳзүн тааныштырып, сабак ѳтүү чеберчилиги боюнча мастер-класс кѳргѳзүштү жана ѳздѳрүнүн жашоодогу хоббиси, кызыгуусу жѳнүндѳ айтып берип, сындан ѳтүштү.

 

 

Балыкчы шаарындагы 10 мектеп, 11 бала бакча,  балдар билим борбору да тѳртүнчү чейректи дистанттык (аралыктан) режимде окутуп, жыйынтыктоочу аттестацияларды  талапка ылайык өткөрүштү. “Алтын тамга” артыкчылык аттестатына беш окуучу көрсөтүлүп, эки окуучу аны тастыктады.

Ошондой эле балыкчылык алдыӊкы мугалимдер республикалык сынактарга да активдүү катышты. 2019-жылдын  11-ноябрынан 30-апрелге чейинки аралыкта республикалык

“Санарип мугалим” кароо сынагына 34 мугалим катышып, 12 мугалим жети турдан өтүп, жыйынтыктоочу учурду күтүп жатышат.

“Санарип педагогика” кароо сынагына 22 мугалим өзүлөрүнүн видеосабактарын жөнөтүп, 3 мугалим областтык туруна өтүп, Керимбаева Эльза “Мыкты санарип мугалим”номинациясы  жана  эки мугалим Ардак грамота менен сыйланышты.

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер