БАЛЕТ МЕКТЕБИНДЕГИ АЙТМАТОВДУН МААРАКЕСИ

  • 26.05.2023
  • 0

Бүгүн 26-майда Бишкек шаарындагы Чолпонбек Базарбаев атындагы хореографиялык окуу жайында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык мааракесине арналган кече болуп өттү.

БАЛЕТ МЕКТЕБИНДЕГИ АЙТМАТОВДУН МААРАКЕСИ

Кечеде Айтматовдун өлбөс-өчпөс чыгармалары музыка менен көркөм бийдин тилинде сүйлөдү. Жаш балет ышкыбоздорунун аткаруусундагы керемет бийлер көрүүчүлөрдүн купулуна толду. Ар бир аткаруу овация менен коштолду. Кечеде коомдук ишмер Роза Айтматова чыгып сүйлөп, таланттуу балдар-кыздарга, алардын саяпкерлери болушкан педагогдоруна терең ыраазычылык билдирди.
— «Саманчы жолундагы» Толгонай менен Жер эненин диалогун көрүп отуруп, бир окуя эсиме түштү. Толганай апанын үйүндө эң төркү жеринде бир баш кийим илинип турчу. Көрсө ошол согуштан келбей калган уулунуку экен,  — деди коомдук ишмер.
Мааракелик иш-чарада көрүүчүлөрдү ойго салган омоктуу ойлор да айтылды.
— Айтматов көтөргөн маселелердин аягына чекит коюла элек. Дүйнө эли беш күндөн кийин Балдарды коргоо күнүн белгилейт. Биз балдарды коргой алдыкпы? Дүйнөдө күн сайын 10 миңге чукул беш жашка чейинки балдар кайтыш болот, 240 миллион бала акчанын айынан мектепке бара албайт. Ал эми дүйнө мамлекеттеринин аскердик чыгымдары 2 триллионду түзөт. Жанагы мектепке баралбай калган балдардын көйгөйүн чечүү үчүн 20 миллиард доллар эле жетишет экен, — деп айтты профессор Ишенгүл Болжурова.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер