БАКТЫЛУУ БАЛАЛЫК

  • 01.06.2023
  • 0

Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө дагы бир тарыхый окуя катталды. Тагыраагы,  “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын “Мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды кыскартуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу” долбоорунун алкагында Биринчи-Май районунда эки бала бакча ачылды. Анын бири — “Nur kids» жеке бала бакчасы.

БАКТЫЛУУ БАЛАЛЫК

Бул 45 балага ылайыкталган үч кабаттуу бала бакча 16 бөлмөдөн турат. Балдарга эстетикалык тарбия берүү үчүн кол эмгек жана сүрөткө басым жасалгандыгы – бакчанын өзгөчөлүгү. Жогорку, ортоңку жана кенже тайпаларга тиешелүү окуу куралдар, оюнчуктар менен камсыздалган. Бала бакчанын иштөө убактысы да ата-энелерге ылайыкталып, эртең мененки саат сегизден кечки саат жетиге чейин иштейт.

БАКТЫЛУУ БАЛАЛЫК

Аталган бала бакчанын директору Гүлнара Кадыкеева 30 жылдык тажрыйбасы бар педагог. Анын ичинде 20 жыл Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылындагы мектепте кыргыз тили жана адабияты мугалими, 10 жыл бала бакчанын жетекчиси болуп эмгектенген. “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын жардамы менен бала бакча ачып, 30 жылдык тажрыйбасын жалпы элге бөлүшүүнү каалайт.

  • 3-4 жылдан бери бала бакча ачам деп көп убара болдум. Документ бүтүрүү жагынан көйгөйлөр болуп, эч эле ишке ашыра албай келгем. Программа ишке киргени мага чоң жардам болду. Үч күндө бардык тармактар боюнча бекер окуп, сертификат алдым. Бала бакча ачууда чоң жеңилдиктер каралыптыр. Кенже курактагы балдарды уюлдук телефондон алыстатуу үчүн сүрөт жана кол эмгек жагына басым жасадык. Жалпы эмеректерди үй-бүлөмдүн жардамы менен сатып алдык, — дейт директор.

“Nurkids” бала бакчасында ашпозчу, логопед, тарбиялар болуп жалпы 17 кызматкер эмгектенет. Алар конкурстук негизде жумушка кабыл алынган. Балдарга таэквондо жана  хореография ийрими бар.

БАКТЫЛУУ БАЛАЛЫК

Жаңы ачылган бала бакчага азыртадан суроо-талап көп болууда. Бүгүнкү күнү 20 бала кабыл алынды. Бала бакча чоң болгондуктан, 75 орунга чейин көтөрүү пландалууда. Кызмат акысы балдардын жаш өзгөчөлүгүнө карата 10 миңден 13 миң сомго чейин.

Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева мына ушундай үй тибиндеги бала бакчалардын көп ачылуусу аймактардагы башка адамдарга да шык берип, балдардын мектепке чейинки билим берүүгө тартылуу көйгөйүн азайтарын айтат.

  • Эки жыл мурда Президент бизге балдардын бала бакчага тартылуусун эки эсеге көбөйтүү тапшырмасын берген. Бул иш өткөн жылы башталган. Биз жаңы конуштардын баарын кыдырып көрүп, бала бакчалардын жок экендигине күбө болгондон кийин өз сунушубузду киргизгенбиз. Туура бир жылдан кийин чоң долбоорду ишке ашыруудабыз. Бала бакчанын директору менен көрүшкөндө “Окуңуз, лицензиясыз үй типтүү бала бакчаларды ачышыбыз керек” дедик эле. Арадан көп убакыт өтпөй эле бала бакча ачылып жатат. Абдан кубанычтамын! Сизди көрүп көптөгөн жарандар бала бакча ачууга аракеттенет деп ишенемин, —  деди.

БАКТЫЛУУ БАЛАЛЫК

Билим берүү жана илим министринин орун басары Аида Рысбаеванын айтымында, үй тибиндеги бала бакчанын ачылуусу бир гана көйгөйдү чечпестен, бир үй-бүлөгө киреше булагы катары жумушсуздук маселесинин жоюлуусуна шарт түзөрү шексиз.

  • Бүгүн бизде кош майрам. Эл аралык балдарды коргоо күнүндө мына ушундай чоң бала бакча ачылып жатат. Статистикага таянсак, өлкөбүздө мектепке чейинки билим берүүгө 24 пайыз гана бала тартылган. Эми биз бала бакчалардын санын ушундай үй тибиндеги бала бакчалардын жардамы менен көбөйтөбүз деген оюбуз бар. Буйруса, бүгүн бизде үй тибиндеги экинчи бакча ачылып жатат. Биринчиси, кечээ Кызыл-Аскер районунда ачылды. 4-июнда дагы эки бала бакча ачылат. Жылдын аягына чейин мектепке чейинки курактагы балдарды бакча менен 50 пайыз камсыз кылабыз деген ойдобуз. Бул бир эле бала бакча маселесин чечпейт, жумушу жоктор иш менен камсыз болот. Бир үй-бүлө финансылык жактан өсөт. Кыргызстанда дайыма ушундай өсүп-өнүгүү болсун! Жолуңар байсалдуу болсун! Эртең мененки келген балдар кечинде бакчадан кеткиси келбегендей деңгээлге жетиңиздер, — деди Аида Рысбаева.

БАКТЫЛУУ БАЛАЛЫК

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо өз сөзүндө баланы тарбиялоо үй-бүлөдөн башталуусу керектигин баса белгиледи.

 

  • Биз бүгүн ак кардай аруу таза бөбөктөрүбүздүн эртеңки келечегине жол ача турган бала бакчада турабыз. Биз балдарыбызга көңүл бурбасак, карабасак, үйдөн тарбияны мыктылап бере албасак, биз балдарыбызга багыт бере албай, кандай билим алып, эмне менен тааныш болуп жатканын, социалдык тармактар аркылуу эмне менен алек болгонун билбесек, эртең ар бир үйдө маңкурттар тарбияланып чыгышы мүмкүн. Ал эми балдарды тарбиячыларга, мына ушундай бала бакчаларга берүү – бул балдардын келечеги, аң-сезими, дүйнө таанымы үчүн өтө чоң өбөлгө.

Борборубуздагы 80 пайыз бөбөк бала бакчага барууга муктаж. Бул өтө чоң көйгөй. Бала бакчага барбаган бала кандай тарбия алат?! Кыргызда “Атасы болушчаактын баласы, энеси болушчаактын кызы ыйлаак” деген жакшы макал бар. Ар бир ата-эне өтө аяп мамиле жасап, баласын келечекте мажирөө кылып, турмушка тың кылбай тарбиялап алышы мүмкүн. Ал эми бала бакчага келип, чөйрөдө тарбияланган баланы чөйрө чыйралтат, тың кылат, муну баарыбыз жакшы билебиз, — деген оюн билдирди депутат.

 

Айгерим Токтобаева: “КУТ БИЛИМ”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер