БАЛДАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ БОРБОРЛОРУ БАЛДАРДЫ МЕКТЕПКЕ ДАЯРДАЙТ
- 19.07.2023
- 0
Бала бакчалардын санын көбөйтүүгө салым кошуп жаткан өкмөттүк акселераторлор программасынын алкагында дагы 25 үй тибиндеги бала бакча ачылат. Андан тышкары, жетишпей жаткан бала бакчаларды толуктоого жер-жерлердеги китепканаларда уюштурула турган балдарды өнүктүрүү борборлору жардам берет.
Борбордо да, элетте да бала бакча көбөйүүдө
Үстүбүздөгү жылды бала бакчалардын жылы десек жарашчудай. Тагыраак айтканда, өлкө башчыбыз өзү ушундай убада берди эле, убадасынын өтөөсүнө чыгып жатат. Жаңы бала бакча имараттары борбор калаабызда эле эмес, жер-жерлерде курулуп, ишке кирип жатканын угуп, көрүп жатабыз. Ага кошумча май айында “Өкмөттүк акселераторлор” программасы ишке киргизилди. Анын “Мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды кыскартуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу” долбоорунун алкагында үй тибиндеги бала бакчалар ачылып, 900 бөбөк үчүн орундар камсыздалган. “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында үй тибиндеги бала бакча ачуу менен жеке ишкерлик кылууну көздөгөн 1000 жарандан арыз келип түшкөн. 728 адам окутуудан өтүп, 553 адам сертификатка ээ болгон. Мындан тышкары, республика боюнча бир нөөмөттө окуткан мектептерде мектепке чейинки даярдоону күчөтүү жагы да каралууда. Тагыраак айтканда, республикадагы окуучулардын саны аз мектептер мектеп жашына чейинки балдарды мектепке даярдоо программасы менен камсыздалат.
Удаа төрөлгөн эки кызын мамлекеттик эмес, жеке менчик бала бакчага берүүгө орун таппагандыгын айткан Наргиза Аманова, “Өкмөттүк акселераторлор программасынын алкагында үч күндүк окуудан өтүп, колуна сертификат алган жеке ишкерлердин катарында. 27 жаштагы Наргиза айымдын үч баласы бар. Ал жеке ишкерлик менен алектенүү үчүн балдарын бала бакчага берейин деп, бала бакча таппай кыйналганын, эми минтип, эки иштен бир иш болуп, үй тибиндеги бала бакча ачып, балдарын бакча менен да камсыздап, жеке ишкер деген статуска да ээ болуп кубанып олтурат. Ал ачкан “Кут” бала бакчасына 25ке чейин бала кабыл алууга болот. А бирок азырынча ал жакка 12 гана бала барууда. Калган орундарды күзүндө толтурабыз деген изги тилегин билдирген Наргиза Аманова, бөбөктөрдү коомдук мекемелерге аралаштыруу, тарбиялоо, окутуу багытында дагы көп окуу керек деп эсептейт.
— Балдарга көнүп калат экенсиң. Балдар менен иштөөдө биринчи кезекте достошуу керек экен. Биз ар бир ата-эне менен баарлашып, бир максатта, бир багытта иш алып барууга милдеттүү экендигибизди эстерине салып турууга аракеттенебиз. Кээ бир ата-энелер бизге талаптарды гана коюп, өздөрүнүн милдеттерин унутуп калышат, — дейт.
Бишкек шаарындагы жаңы конуштарга буга чейин бала бакчалар сейрек курулган, тагыраак айтканда, дээрлик жок десек да болот. “Өкмөттүк акселераторлор” программасына көбүнчө ушул жаңы конуштар киргени да ошондон. Мамлекеттик бала бакчалар да биринен сала бири курула баштады. Алсак, кечээ жакында эле Арча-Бешик жаңы конушунда 180 орундуу бала бакча курула баштаса, андан мурдараак эле Ак-Босогодо, Көлмөдө ж.б. конуштарда курулуп ишке кирип калды. Аймактарды алсак, Талас районундагы Балбак айылында 192 орундуу, Ысык-Көл районунун Бостери айылында 60 орундуу бала бакчалар курулуп, ачылуу алдында турат.
Китепкана базасындагы балдарды өнүктүрүү борборлору
Кечээ жакында эле Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов менен бирге кол койгон меморандумдун негизинде аймактардагы китепканалардын базасында балдарды өнүктүрүү борборлору түзүлөрү маалым болду. Ал Меморандумдун негизинде мындан ары эки министрлик китепканалардын функцияларын натыйжалуу пайдалануу үчүн айылдык китепканаларды балдарды эрте өнүктүрүү борбору катары пайдалануу жана түзүлгөн борборлордун ишин уюштуруп, китепканачылар жана ага келген балдар үчүн окуу-тренингдерди заман талабына шайкеш иштетүү иштерин биргеликте алып барат.
Учурда өлкө боюнча 932 айылдык китепкана бар. Китепканалар жайгашкан жерине жараша жергиликтүү бийликтердин карамагында болгону менен, колдонуудагы укуктук ченемдик актыларга ылайык, китепканалардын ишин жүргүзүү саясаты Маданият министрлигине жүктөлгөн. Эми балдарды эрте өнүктүрүү борбору ишке киргизиле баштаса, жаш курагы мектепке чейинки балдарды тарбиялоо жана аны мектепке даярдоо милдетин Билим берүү жана илим министрлиги аткарат.
Бүгүнкү күндө республика боюнча китепканалардын базасында 150 балдарды өнүктүрүү борбору иштейт. Ага беш жашка чейинки мектепке чейинки билим берүү программасына катыша албаган 6 миң 269 бала барат.
Маалыматка ылайык, 50 балдарды өнүктүрүү борборун түзүү үчүн 50 китепканачыны окутууга документтер даярдалып жатат.
Аймактарда, айрыкча, алыскы жана тоолуу айылдарда жашаган үч жаштан жети жашка чейинки балдар бир жумада үч сааттан окуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Бул биринчи кезекте алыскы жана жакынкы аймактарда жашаган балдарды бала бакча менен камсыздоого жана мектепке даярдоого шарт түзүлөт дегендик эмеспи.
Республикабыздагы эң алыскы райондордун бири – бул Аксы району. Тоолуу райондогу Ак-Жол айылына караштуу китепкананын башчысы Гүлчакан Барсанаеванын айтымында, өзү тейлеген китепкананын фонду 5 840 китепти түзөт. Чакан жана тоолуу аймактан Темиркул Үмөталиев, Токтосун Тыныбеков, Тургуналы Молдобаев деген атактуу акын-жазуучулар чыкканын айтып сыймыктанган Гүлчакан Меймашевна, китепканаларда балдарды өнүктүрүү борборлорун түзүү идеясын жактырып жатканын билдирди.
— Биздин айыл чакан, китепканабыз да чакан, муну айткан себебим – бизде окуу залын уюштурууга орун жетпейт. Анткени биз жайгашкан имараттын бир бурчун ФАП ээлейт. Алар эгерде коомчулуктун жардамы менен курулуп жаткан жаңы имаратка көчүп кетип, бул имарат толугу менен биздин карамагыбызга өтүп калса, бизде балдарды өнүктүрүү борбору сыяктуу окутуу залын ачуу мүмкүнчүлүгү түзүлүп калат беле, — дейт, элеттик китепканачы.
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”
Комментарийлер