БАЛДАРДЫ КОРДООДОН КОРГОП КАЛАЛЫ

  • 04.04.2023
  • 0

БАЛДАРДЫ КОРДООДОН КОРГОП КАЛАЛЫ

Бишкек шаарынын Октябрь районунун прокуратурасы аталган райондун аймагында балдар тарабынан жана балдарга карата жасалган кылмыштуулукка талдоо жүргүзүп чыгып, жыйынтыгында ченемдик укуктук актылардын бузулушун четтетүү чараларын көрүү жөнүндө сунуштарын тийиштүү билим берүү мекемелерине  жөнөттү.  

Аталган мекеменин берген маалыматына караганда 2022-жылы Октябрь районунун аймагында балдар тарабынан жасалган 55 кылмыш катталса (2021-жылы -57), анын ичинен  11 иш сотко жиберилип, 44 иш өндүрүштөн кыскартылган. Он бир  кылмыш иши боюнча 11 баланын ичинен үч жашы жете элек өспүрүм — мектеп окуучулары. Кылмыш мүнөзү боюнча бөлүп караганда балдар уурулук, тоноочулук, алдамчылык, унааны айдап качуу өңдүү иштер менен кармалышкан. Балдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 12 факты катталып, өндүрүш ишинде каралган. Өткөн 2022-жылы Октябрь районунун аймагында өз өмүрүн кыйган эки факты катталып,  анын ичинен бир бала багып алынган үй-бүлөдөн, бир бала ата-энесинин ортосунда пикир келишпестиктен өз өмүрүн кыйган. Ал эми, 2022-жыл ичинде беш бала өз өмүрүнө кол салууга аракет жасаган. Баары мектеп окуучулары. Өз өмүрүнө кол салууга  аракет кылуунун себеби катары мектепте болгон классташтар арасында түшүнбөстүк жана үй-бүлөдөгү ата-энелердин пикир келишпестиги экендиги аныкталган.

Прокуратура ата-энелердин бири-бири менен болгон пикир келишпестиги жана өз балдарына кайдыгерлиги үй-бүлөдө катаал мамиле жаратып, балдар турмуштук оор кырдаалга түшүп, өз алдынча же үй-бүлөнүн жардамы менен жеңип өтө албаган абалга кабылгандыктан ушундай жолго барышканы айтылат. Ошондой эле Октябрь районунун прокуратурасы мындай окуялар    турмуштук оор кырдаалда турган балдар менен коррекциялык иштер билим берүү мекемелеринде жетиштүү   жүргүзүлбөгөндүктөн болуп жатканын баса белгилейт.

Райондук прокуратура   жогорудагыдай коомго терс көрүнгөн окуялар    «Балдар жөнүндө» кодексттин 4-беренесинде белгиленген баланын эң мыкты таламдарынын биринчи кезектүүлүгүн таануунун, балдардын  укуктарын жана таламдарын коргоонун негизги принциби так сакталбай калганын да тийиштүү тармактарга эскертет.

Ошондой эле, атайын катта Кыргыз Республикасынын “Балдар жөнүндө” кодексинин 16-беренесинин “Ар бир бала абийирин жана кадыр-баркын, инсандык кол тийбестигин коргоого укуктуу. Мамлекет баланын жеке кол тийбестигин камсыз кылат, аны дене-бойлук жана (же) психикалык, сексуалдык зомбулуктан, ырайымсыз, орой же адамдык беделди кемсинткен мамиледен, кылмыштуу ишке тартуудан жана Кыргыз Республикасынын Конституциясында бекемделген адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин кемсинткен коомго каршы аракеттерди жана башка аракеттерди жасоодон коргоону жүзөгө ашырат”,- деп белгиленген талабын толук аткаруу камсыз болгон эместигине токтолот.

Андан ары расмий катта Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамынын 31-беренесинде “Билим берүү уюмдары балдардын жана окуучу жаштардын саламаттыгын сактоого жана чыңдоого кепилдик берүүчү шарттарды түзөт”, деп белгиленгенин, Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө” мыйзамынын 18-беренесине ылайык, билим берүү органы алдын алуунун таасир этүү чараларын б.а. алдын алуу аңгемелешүүсүн, расмий эскертүү берүү, реабилитациялык программаларга, социалдык көнүктүрүү боюнча  программаларга жана коррекциялоо программаларына алдын алуу объектисин киргизүү  чараларын жүргүзөрүн, мындай жагдайда, билим берүү мекемелеринин администрациялары тарабынан укуктук пропагандалоону уюштурууга, алдын алуу чараларын көрүү максатында окуучулардын арасындагы пикир келишпестиктин, ата-энелердин ортосундагы зордук-зомбулуктун натыйжасында өз өмүрүн кыйууга аракет жасаган фактыларды алдын алуу багытында     Бишкек шаарынын Октябрь районунун билим берүү борбору тарабынан билим берүү мекемелеринин мугалимдерине семинардык сабактарды, ата-энелерге тарбиянын мыкты таламдары жөнүндө жыйындарды өткөрүү зарылдыгы жазылган.

Жогорудагылардын негизинде Бишкек шаарынын Октябрь районунун прокурору К.Нуруллаев Октябрь районунун билим  берүү борборунун башчысы Д. Сыдыгалиевага атайын сунуштама жөнөттү. Сунушта Бишкек шаарынын Октябрь районунун билим берүү борборуна жогорудагы мыйзам бузуучулуктарды четтетүү менен укук бузуулардын алдын алуу максатында билим берүү мекемелерине турмуштук оор кырдаалда турган балдар менен иштөө жөнүндө коррекциялоо программаларын иштеп чыгууну, мугалимдерге семинардык сабактарды уюштурууну, ата-энелердин пикир келишпестиги үй-бүлөдө катаал мамиле жараткандыгын, ата-энелер тарабынан өз балдарына карата жасаган психикалык, физикалык  зомбулук, орой же адамдык беделди кемсинткен мамилеси балдардын өсүп өнүгүшүнө зыян келтирип, терс көрүнүштөргө баруусуна шарт түзөөрү жөнүндө ата-энелерге жыйын өткөрүү каралган. Мекеме сунуштама карала турган күндү катышуу үчүн алдын ала райондук прокуратурага билдирүүнү, сунуштаманы кароонун жыйынтыгы жана кабыл алынган чаралар тууралуу мыйзамда көрсөтүлгөн бир айлык мөөнөттө кат жүзүндө тийиштүү документтерди тиркөө менен райондук прокуратурага маалымат берүүнү тапшырды.

Даярдаган М.Токторов,

“Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер