БАЛДАРДЫ ЧЕТ ТИЛДЕРИН ҮЙРӨНҮҮГӨ ШЫКТАНДЫРАЛЫК

  • 18.06.2020
  • 0

Онлайн Университетинин Балдар жана ата-эне лабораториясы 18-июнда саат 17:00дө «Балдарды чет тилдерин үйрөнүүгө шыктандыруу» темасында вебинар өткөрөт.

БАЛДАРДЫ ЧЕТ ТИЛДЕРИН ҮЙРӨНҮҮГӨ ШЫКТАНДЫРАЛЫК

Вебинар балдарды чет тилдерин үйрөнүүгө шыктандыруу боюнча пикир алышууга жана тажрыйба бөлүшүүгө арналган.

Спикерлер – Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин чет тилдер жогорку мектебинин  улук окутуучусу Толкун Мусаева жана тилчи-котормочу, Кумтор Голд Компаниясынын котормочусу Гулизат Бекмурзаева мотивациянын түрлөрү жана балдардын чет тилдерге болгон кызыгуусун арттыруу боюнча маселелерге көңүл бурдурушат. Балдардын жана студенттердин  чет тилдерин үйрөнүүгө кызыгуусун ойготууда ата-эненин жана мугалимдин  ролу өтө маанилүү экендигине басым жасоо менен, балдардын мотивациясынын туура калыптанышына токтолушат.

 Вебинардын шилтемеси:

 https://zoom.us/j/95040867611?pwd=MEpjM1lyU1VhMXVFZG0wMC9vTFJ2Zz09

Конференциянын идентификатору: 950 4086 7611

Паролу: 467771

 

Бөлүшүү

Комментарийлер