БАЛДАР КАНДАЙ ТАРТИПТЕ ОКУШАТ?

  • 13.09.2021
  • 0

Кыргызстанда 15-сентябрда мектептерде окуу салттуу түрдө (офлайн) башталат.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекованын айтуусунда,  министрлик 15-сентябрда өтчү мектептердеги линейка ачык абада, мектептин короосунда өткөнүнө министрлик каршы эмес. Окуучуларга мектепте маска тагынуу талабы коюлбайт, бирок сунуштама берилээри дагы белгиленди.

— Эпидемиологдор мектепте балдардын бет кап тагынуусу керек деген сунуштамасын айтышты. Азыр абал туруктуу, бирок башыбыздан пандемияны кечирип жатабыз. Андыктан кырдаал кандай өнүгөрүн билбейбиз. Бет капты толугу менен алып салуу да кооптуу болуп турат. Тазалыкты сактайбыз, улам жууп-тазалап турабыз, класстарды желдеткенге аракет кылабыз. Башкысы — ата-энелерге баланын абалы начарласа дароо дарыгерге кайрылуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек, — деди ал.

Ал эми Бишкектин вице-мэри Виктория Мозгачева шаар бийлиги билим берүүнүн кабинеттик системасын уюштурууга аракет кылып жаткандыгын айтып берди. Мында балдар класстан класска көчпөйт, предметтик мугалимдер өздөрү келип сабак өтөт. Ал Бишкекте бет кап тагынуу милдеттүү түрдө болорун белгиледи.

Билим берүү жана илим министрлигинин адиси Гүлшан Абдылдаеванын айтымында, мектепке кирерде окуучулардын дене табын текшерүү, санитардык эрежелерди сактоо талап кылынат.

— Бет кап тагынуунун дагы өзүнүн эрежелери бар. Балдарга милдеттүү деп айткан учурда дагы алар 5-6 күн бир масканы чечпей кийиши мүмкүн. Аны көзөмөлдөө кыйын. Ошондуктан биз маска боюнча сунуштама гана берип жатабыз, — деди Г.Абдылдаева.

Министрлик педагогикалык курамдын басымдуу бөлүгү коронавируска каршы эмдөөдөн өткөндүгүнө байланыштуу ушундай чечимге келген. Г.Абдылдаеванын белгилешинче, мугалимдердин 73% вакцина алган.

Ошондой эле мугалим мектептеги төлөмдү төлөө боюнча акча талап кылса, ага карата чара көрүлөт. Билим берүү жана илим министрлигинин мектеп жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы Марат Үсөналиевдин айтуусу боюнча,  эгерде мугалим талап кылса ага сөзсүз чара көрүлөт.

— Мектептерде ата-эне комитети бар. Биринчи суроо: “Кимге каражатты берип жатасыңар?” Конституцияда негизги билимди бекер берүү керектиги жазылуу. Бирок мүмкүнчүлүк болсо мектепке жардам бериш керек. Мурун мектеп 21 пункт менен каржыланып, баардыгы жетиштүү болчу. Бүгүнкү күндө андай эмес, — деди ал.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер