БАЛДАР — БИЗДИН КЕЛЕЧЕК ЖАНА БАЛА ТАРБИЯЛООДО МУГАЛИМДИН РОЛУ

  • 06.02.2020
  • 0

Президентибиздин Жарлыгына ылайык  “2020-жыл Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы “ деп жарыялангандыгына байланыштуу 2020-жылдын 5-февраль күнү Нарын облусунун   “Билим кербени” Кочкор районундагы мектептердин директорлоруна, тарбия иштеринин уюштуруучуларына, соцпедагогдоруна жана 10-11-класстын класс жетекчилерине “Балдар – биздин келечек жана бала тарбиялоодо мугалимдин ролу” деген темада семинар өткөрүштү.

БАЛДАР - БИЗДИН КЕЛЕЧЕК ЖАНА БАЛА ТАРБИЯЛООДО  МУГАЛИМДИН РОЛУ

Ак-Чий мектебинин директору Дайырбек Айдарбековдун берген маалыматына таянсак, бул семинарды Кочкор райондук билим берүү бөлүмү, Нарын казыяты, “Билим кербени” Нарын облустук “Биздин муун” кайрымдуулук мекемеси, ”Биздин тилек”коомдук жаштар кайрымдуулук фонду тарабынан уюшулган.

— Уюштуруучулар коомубузда бала тарбиялоодо мугалимдердин ролу, балдардын көйгөйлөрү жана тарбиянын маанилүүлүгү, ошондой эле доорубузга жараша бала тарбиялоо, суицид, рэкетчилик, уурулук  жөнүндө видеороликтерди көргөзүү менен түшүндүрүү иштерин жасашты. Ошондой эле бала тарбиялоодо ата-эненин ролу өтө маанилүү экендигин баса белгилешти жана бала тарбиялоого негизделген  китептердин жарык көрүп жаткандыктарына токтолушту. Ошондой эле уюштуруучуларга ыраазычылыктарын айтып билдиришти жана катышуучулардын берген суроолоруна Нарын облусунун казысы Ибраев Мамбетасан жооп берип, агай-эжейлерге ыраазычылыгын билдирди.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер