БАЛАЛЫКТАН УЛУУЛУККА ЖОЛ

  • 13.03.2018
  • 0

Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомун 25 жыл жетектеп, төрагалык милдетти аткарып келген  “Манас” орденинин, “Данк” медалынын, “КРдин калкты тейлөө тармагына эмгек сиңирген кызматкер” наамынын ээси Калык Мамбетакунов агай учурда ардактуу эс алууда. Баш-аягы Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунда ал 40 жыл үзүрлүү эмгектениптир. К.Мамбетакуновдун  жогорку жактагы жетекчилер менен тил табыша билгенинин натыйжасында, майып мектеп бүтүрүүчүлөргө  мамлекеттик окуу жайлардын каалаганына  экзамен тапшырууга тоскоолдуксуз жол ачылып, кирүү конкурстарынан бошотулушкан. Бүгүнкү күндө жогорку жана атайын орто окуу жайларында 90-105ке чейин майып студенттер билим алышат.

Ушул эле жаштарга билим берүү багытта, жети жыл аракет жумшап, Өкмөттүн тиешелүү токтомдорун чыгартып, министр-ректорлордун тынчын алып, 2001-жылы И.К.Ахунбаев атындагы Медициналык академиясынын алдында бюджеттик негизде, эки жылдык он орундук  орто медициналык профессионал укалоочуларды (массажист) даярдаган бөлүмүн  ачтырган. 15 жылдын ичинде 150дөн ашык көзү азиз улан-кыздар кесипке ээ болуп, татыктуу иштеп жүрүшөт. Мындай адистештирилген окуу жайы Казахстан жана Орто Азия мамлекеттеринин биринде да кездешпейт. Агайдын бала чагынан ушул кезге чейинки жашоосу бүгүнкү жаштарга өрнөк, тарбиялык мааниси зор. Анда эмесе, агай менен болгон маегибизди окурмандарга сунуштайбыз.

БАЛАЛЫКТАН  УЛУУЛУККА  ЖОЛ

— Агай, сиздин басып өткөн жолуңуз жаштарга үлгү. Маегибизди сиздин бала чагыңыздан баштасак, кандай дейсиз?

-Ар бир адамга киндик каны тамган туулуп-өскөн жери ыйык, топурагы алтын. Ар бирибиз үчүн бала-чагыбыздын ар бир күнү баа жеткис. Мен Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунун Чоң Кызыл-Суу айлында 1952-жылдын 3-ноябрында мугалимдин үй-бүлөсүндө жарыкка келгемин. Атам Барыктабас айылдагы мектепте мугалим, апам Майраш үй-чарбачылыгында алектенүү менен катар  колхоздо жигердүү эмгектенди. Мен жети карындашымдын ортосунда үй-бүлөдөгү жалгыз уул элем. Негедир кичине кезимден баштап эле үй-бүлөдөгү балдардын улуусу болгондуктан, ата-энеме колумдан келишинче жардам бергенге аракет кылчумун. Айлыбыз бийик тоолордун арасында, чоң суунун жээгинен орун алган чакан айыл. Мектеп, кызыл үй (клуб), дүкөн, фельдшердик-акушердик пункт,  мончо, “Победа” колхозуна тиешелүү арпа-үрөн сактоочу кампа, жумушчу аттар багылуучу ат сарай бар эле. Айылдын баш жагында кичине метереологиялык станция иштээр эле. 1958-жылы атам, бир тууган иниси Тельман абам экөө дагы эки жалданма орус улутундагы усталар Алексей жана Яков менен биздин үй-бүлө үчүн үй салып башташты. Ал кезде мыйзам боюнча бир үй-бүлөдө бир жылкы, бир уй, он кой-эчки кармоого уруксат эле. Андан ашканын өкмөт этке төктүрүп  өткөздүрүп салчу. Бизде Тору байталыбыз бар болчу. Мени Тору байталга мингенди Барыктабас атам менен Тельман абам үч жаштан төрт жашка карап калганда үйрөтүшкөн. Атам байталды суулуктап кармап берип, Тельман абам мени байталга мингизчү. Атам байталды жолду жээктеп ары-бери жетелесе, абам — узун бойлуу киши эле, мени ооп жыгылып түшпөсүн — деп байталга катар басаар эле. Ошентип жүрүп ат мингенди үйрөндүм. Үйдөгү уй айылдагы бадага, кой кезүүгө кошулаар эле. Атам менен абам үй салып баштаганда байталды караганга тап-такыр убактылары болбой калды. Ошол себептен алты жаштагы курагыма карабай, бийик тоо башында тушоосу менен оттоп жүргөн тору бээни күнүнө бир маал тоодон түшүрүп айылдын астындагы чоң суудан сугарып, кайра ошол тоонун башына алып барып тушап коюу менин милдетим болуп калды.

Жанымдай көргөн Тору бээни, 1960-жылдардын башындагы жалпы элдин башына келген агымга ылайык мамлекет тартып алып, биз — жаш балдар, улуу муундагы айылдаштарыбызды туурап: “Маленков берген байталды, Хрущев келип кайта алды” — деп ырдап кала бергенбиз.

1959-жылдын 1-сентябрында Чоң Кызыл-Суу сегиз жылдык мектебинин биринчи классына, Майраш апамдын  колу уз киши эле, тигип берген жаңы шым көйнөгүн кийип, кездемеден тигип берген асынма баштыкка дептер, карандашымды салып Тельман абам мектепке жетелеп барды. Мени Тельман абам мектептин короосундагы мен курактуу балдарга кошуп, — сен ыйлаба, сен жакшы баласың, ушулар менен окуйсуң. А мен болсо, тиги мектептин бурчунда сени күтүп турам, — деди.  Мен бир-азга балдар менен ойноп алаксып калып, жалт абам жакты карасам, турган ордунда жок экен. Ошондон өңгүрөп ыйлап көчөгө абамды издеп чуркап чыктым. Көчөнүн оң жагында да, сол жагында да абамдын карааны көрүнгөн жок. Эмне кыларымды билбей бышактап ыйлап турсам, Гүлия деген эжей, — абаң азыр келет, мени менен жүргүн, мектептин ичинен күтөбүз, — деп алдап алып кирип кеткен. Ошол Гүлия эжей мени биринчи класстан төртүнчү класска чейин окутту. Өтө таланттуу кыйын мугалим эле. Атам-энем айткандай, мектепте тартиптүү жүрүп, эң жакшы окуп, коомдук иштерге кеңири катышып 1967-жылы артыкчылык күбөлүгү менен сегизинчи классты бүтүрдүм. Дагы айта турган нерсе – 1965-жылдан 1966-жылдын ноябрь айынын аягына чейин мектептеги пионер уюмунда дружина советинин төрагасы болдум. Азыркы түшүнүк менен – мектептеги окуучулардын президенти. 1966-жылдын ноябрында он төрткө чыкканда, В.И.Ленин атындагы Бүткүл Союздук комсомол уюмунун катарына мүчө болуп өтүп, Жети-Өгүз райком комсомолунун биринчи катчысы, кийин коомдук, мамлекеттик ишмер болгон Тилектеш Ишемкуловдун колунан комсомолдук билетти алдым. Ошол күндөн мектепти аяктаганга чейин мектептин баштапкы комсомол уюмунун катчысы болуп жооптуу коомдук ишти аткарып жүрдүм.

Менин атама, өзгөчө уулунун 16 жашында көзү азиз болуп калганын көтөрө албай жүрөк оорусунан 37 жашында дүйнө салган Майраш апама багыштаган сан жеткиз ыраазычылыктарымдын  бири — мени чылым чекпегенге, ичкилик, пиво, бозо ичпегенге тарбиялагандарында.

— Балдардай тамекиге кызыгып да көргөн жок белеңиз?..

-“Ак чөп башта” дегендей, бир эпизод. Мен экинчи класста, өмүрүмдө бир гана жолу Карыйбек, Абыл, Мелис деген досторум болуп бир күн бою, бир минут тыным албай тамеки тарткамын. Айылдык досторум менен тооктун жумурткаларын чогултуп айылдын дүкөнүнө өткөрүп, ордуна бир пачка тамеки сатып алып, айылдын сыртына барып чөпкө жашынып тынбай тамеки тарттык. Пачка тамеки түгөнгөндө ошол жердеги туш келген кургак чөптөрдү чогултуп кагазга ороп, аны да тарттык. Ата-энелерибиз күнү бою бизди издеп жүрүп, кечке жуук табышыптыр. Баарыбыз эстен танып уугуп жатыптырбыз. Байкуш Майраш апам ооз-мурдумдан ак көбүк агызып үйгө көтөрүп келип, Ажар чоң энем, Какен жеңем болуп оозу-мурдума сүт куюп жатып эптеп эсиме келтирип айыктырышыптыр. Ошол күндөн тамекиден көңүлүм калып, ушу жашка чейин оозума экинчи тамеки алганым жок. Берки досторум чоңойгондо да тамеки тарткан бойдон калышты. Ичкилик ичпей, чылым чекпегенимдин чоң пайдасын кийин көрдүм. 2009-жылдын март айында Астана шаарындагы кардиология борборунда жүрөгүмө “Коронарное шунтирование” операциясы жасалды. Кардиолог врачтар айтканына караганда, төшүмдүн ички бөлүгүндөгү кан тамыр чыпалактай барсайган тамыр экен. Көөдөндүн сөөгүн кекиртектен ашказандын башына дейре таарып экиге ажыратып, көкүрөктүн оң жагынын ички тарабындагы ошо барсайган кан тамырдан 22 см. кесип алып жүрөккө тигишкен.

Операция мезгилинде  профессор Ю.В.Пя, Тимур Дастаевдер тамырды карап көрүшүп: “ Бул киши өмүр бою спорт менен  машыккан экен”,  — деп ыраазычылык менен  божомолдошкон экен. Тилекке каршы, спорт менен деле машыккан  эмесмин дегенимди операциядан кийин угушту.  Бала кезден эсимде калган дагы бир нерсе.  1966-жылы декабрь айында, мен сегизинчи класста окуп жүргөндө, атам бир бутун оор кокустатып алып бир айча басалбай төшөккө жатып калды. Мугалимдин айлык маянасы өтө аз болгондуктан (60 рубль) 1965-жылдан бери атам “Победа” колхозунда жылкычы болуп иштеп калган. Ал кезде тоо арасында багылган жылкыга, кыш мезгил экенине карабай, түнкүсүн жылкы киргизгенге сарай бөлүнбөй, жем-чөп да берилчү эмес. Жылкы жайдак талаада кар тээп оттойт эле. Атам, жардамчысы Абдымалик аба экөө төрт үйүр жылкы багышчу. Түнүндө  кезектешип карышкырдан кайтарышчу. Ал кезде бөрү да күч эле. Атам айыкканча  жардам кылып, күн алыс келчү кезегинде атамдын ордуна түңкүсүн мен барып жылкы кайтарар элем. Түштө сабактан келип тамактанып алып, атамдын тумагын, ичигин, кийиз өтүгүн кийип, номер 28-мылтыгын алып, патрондоруна ок чаптап, атамдын атына минип, чоң кара итибизди ээрчитип караңгы кире элек кезде — саат төрттөрдө, айылдан 10-13 чакырым алыста кар баскан “Төө куйрук”, “Узун булак” жана “Кургак коо” тоолорунда жайылган жылкыны кайтарууга жөнөөр элем. Бир жагы 5 чакырым болсо, бир тарабы 10 чакырымга бир да адам жашабаган ээн тоонун арасы, карагайлуу беттин этеги. Аттан түшпөй, жайылып жүргөн төрт үйүр жылкыны тегерене бастырып, добуш болсун деп, бир четинен өзүмдү алаксытайын деп, кыйкырып ыр ырдап, карышкыр жакындап келбесин деп, бир саатта бир мылтыкты тарс атып, үшүп-тоңуп,  кайтарган үйүрлөр менен таңга жетчүмүн. Таң супа салган үрүл-бүрүлдө, башка жака бөлүнүп кетпеди бекен — деп, жылкыны толуктап тактап санап, жайылган жерин которуп коюп, салып урган бойдон айылга келээр элем. Себеби, мектептеги окуум саат сегизде башталат. Айылга үйгө жетип, аттын ээр-токумун алып, акырына чөп салып, кийимимди которуп, атама түнкү күзөт боюнча маалымат берип, апам даярдаган эртең мененки тамакты ичип, китеп-дептеримди алып мектепке чуркап жөнөөр элем. Канча аракет кылсам да кечигип, биринчи сабактын аягында, же экинчи сабактын башында класска кирип барчумун. Эртеси эле кайрадан түнкү күзөт. Ушинтип бир айча күндөр өткөн.

-Сиз окуган мектеп сегиз жылдык болсо, 9-классты кайдан окудуңуз?

-1967-жылдын 1-сентябрында “Победа” колхозунун борбору болгон “Светлая Поляна” айылынын он жылдык орто мектебинин 9-классына кирдим. Биздин айылдан бул мектепке чейин беш чакырым жол. Он чакты окуучу жөө барып келип окудук. Жаңы мектеп, жаңы окуучулар, жаңы мугалимдер. Тогузунчу классты жакшы жана эң жакшы деген баага бүтүрдүм. Мектептер аралык райондук олимпиадаларга мектептин атынан катышып жүрдүм. Атам баягы эле жылкысында. 1968-жылы “Жайдак төр” жайлоосуна чыктык. Мен атамдын биринчи жардамчысымын. Субай жылкылар “Аюу төр” жайлоонун башында жайылчу.

Мезгил-мезгил менен ал жактагы жылкыларга туз жеткизүү менин милдетим эле. Учуру келген күнү 1968-жылдын август айынын ортолорунда атка туз артып “Аюу Төргө” аттандым. Жарым күн жол жүрүп тузду жеткирип, аны мелчемдүү жерлерге кочуштап төгүп, жылкыны толуктап санап кайра кайтканча күүгүм кирип кетти. Жолдо келе жатканымда аба-ырайы кескин бузулуп, адегенде нөшөрлөп муздак жамгыр жаап, ал бир паста карга айланып, борошо урган кыштын күнүндөй суук башталды. Мен жеңил кийинип алганымдан өтмө катар суу өтүп,  өзгөчө бутум какшап ат үстүндө калчылдап келе бердим. Борошо кар урган бурганакты жиреп отуруп жайлоодогу боз үйгө таңкы саат төрттөрдө жетип жыгылдым. Бир жумадан кийин көздөрүмдүн көрүүсү кескин начарлап 23-августтан — 12-октябрга чейин Пржевальск шаарынын бейтапканасында  көз оору бөлүмүндө дарыландым. Көзүмдүн көрүүсү оңолгон жок.  Мектеп калды. Менин классташтарым онунчу класста окуп жүрүштү. Көзүм кайра-кайра ооруй берип, 1969-жылдын май айынын башында Фрунзе шаарындагы көз клиникасында дарыланганыма карабай жарыкты да көрбөй чыктым. Мен абдан окугум келчү. Жакшы окугум келчү. Бирок көз көрбөйт. Капа болуп абдан өкүндүм. Кудай шыпаа кылып бир кездерде көрүүм кайтарылса абдан жакшы окуймун, аракет кыламын, жакшы кесипке ээ боломун, бардыгынан алдыда боломун деп кайта-кайта ойлой берчүмүн.

1943-жылы Улуу Ата мекендик согушунан ок жаңылып оң бутунун жоон санынан кестирип келген чоң атамдын бир тууган иниси, колхоздун активдеринин бири, Абды атамдын айткан акыл-насааты күнү бүгүнкүдөй эсимде. Ал киши өзүнүн жарым жандыгына карабай, мектепте мугалим болуп бала тарбиялап иштегенин, азыркы кезде колхоздо олуттуу иштерди аткарып жүргөнүн, согуш талаасында ок тийгенде кар аралап сойлоп, түнү менен медсанбатты жалгыз издеп жүрүп тапканын, биздин тектүү жердин,    1931-жылы ак жеринен кулакка тартылып Каракол түрмөсүндө өлтүрүлгөн  Дөөлөс Рыскул бийдин        1937-1938-жж. эл душманы аталып Каракол түрмөсүнө  камалып, анын залакасынан 44 жашында дүйнө салган уулу Мамбетакун атанын небереси экенимди, турмуштагы оорчулукка баш ийбөө керек экендигин, менин жаштыгымды, айыгардан үмүт үзбөшүмдү,  эрктүү болушумду, кыйынчылыкты жеңе билишимди, дагы ушундай көп кайрат, насаат  айтып мени чыйралткан.

БАЛАЛЫКТАН  УЛУУЛУККА  ЖОЛ

— Ошо бойдон окубай калдыңызбы?

— Жок, окуумду улап, орто билимдүү болуш үчүн 1970-1971-жылдарда Фрунзедеги көзү азиз, көрүүсү начар балдардын жатак-мектебинен окуп аттестат алдым. Мен мындай окууда окуу мүмкүн экенин, ага барып окуурумду жаңы көрбөй калган кезде билген эмесмин. Окуйм деген дегдөөмдүн күчү ушунча болду, көрбөгөн адам колунун манжасы менен окуй турган тамгаларды — Брайл системасын — Адылбек, Төлөмбек деген көзү көрбөгөн классташтарымдан үйрөнүп, үч сутка бою уктабай Брайлди үйрөнүп чыктым. Брайлди мынчалык тез өздөштүрүү мектептин тарыхында мурда болгон эмес, — деп мугалимдер менен тарбиячылар таң калышкан.

Өткөн Совет доору мезгилинде майып адам окуйм деген окуусуна оңой өтө алчу эмес. Мен да аттестат менен эки-үч окуу жайдын босогосун сүзгүлөп жүрүп 1971-жылы азыркы Улуттук университетинин тарых факультетине кирип, 1976-жылы  артыкчылык диплому менен бүтүрдүм.

— Дипломду алган соң, эмгек жолуңузду каяктан баштадыңыз? Кайсы кызматтарды аркалап келдиңиз?-

— Ал кезде деле, жогорку билимдүү болсоң да көңүлдөгү кызматка орношо коюу жеңил эмес эле. Жогорку билимимди тастыктаган артыкчылык дипломумду колума көтөрүп алып, эмгек жолумду 1976-жылы Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун Пржевальск ишканасында кебез салып, жууркан, матрац тигип, цехте жумушчу болуп иштеп  баштагамын. Эки жыл манжаларды теменеге, ийнеге сайдырып иштеп жүрдүм.

1978-1981-жылдары ушул эле ишканада директордун орун басары, 1981-1986-жылдарда Жалал-Абад ишканасынын директору, 1986-1991-жылдары Фрунзе шаарындагы №1 ишканасынын директору, ал эми 1991-жылдын апрель айынан 2016-жылдын июль айына чейин 25 жыл —  Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомун жетектеп, төрага болуп иштеп келдим. Баш-аягы Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунда 40 жыл үзүрлүү эмгектендим.

1990-жылы партиянын XIX съездинде Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетине мүчө болуп шайланып, Борбордук Комитеттин биринчи катчысы  Абсамат Масалиев жетектеген Улуттар боюнча комиссиянын курамында иш алып бардым. 2001-2016-жылдары, 15 жыл катары менен курамына 30 мамлекет кирген Азия континентиндеги мамлекеттердин  Азиздер бирикмесинин жетекчи органдарында вице-президент кызматына чейин ишеним көрсөтүлүп кызмат өтөдүм.  2003-2016-жылдары, курамына 174 мамлекет кирген Бүткүл дүйнөлүк азиздер бирикмесинин 21 мүчөсүнүн бири катары аткаруу комитетинин мүчөсүнүн жооптуу милдетин аткардым.

Эл аралык деңгээлдеги майыптар үчүн жасаган иштерге жанаша Кыргызстандагы эл аралык уюмдар  жана элчиликтер менен да Коомдун өнүгүүсүнө багытталган алгылыктуу иштерди жаратууга жетиштим. 2006-2016-жылдары Япониянын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчилиги менен достук мамилерибиз бийик деңгээлге чыкты. Алар биздин борбордук башкармачылыкка, биз элчиликке барып тыгыз иштештик. Элчилик менен гана чектелбей, эл аралык ”Жайка” агенттиги, Адамдык ресурстарды өнүктүрүү боюнча кыргыз-жапон борбору (жетекчиси Хамано Сан) менен тыгыз иштеп, тили сүйлөбөгөн, кулагы укпаган үч жүздөн ашуун майыптарды компьютердик технологияга үйрөттүк.

Борбордук Азия жана Япония мамлекеттериндеги көзү азиздерди реабилитациялоо иштери боюнча тажрыйба алмашуу үчүн Коомдун мүчөлөрүнөн бир айга Японияга жиберип турууга жетиштим. Алып айтсак, 2012-жылдын январь айында Коомдун мүчөсү Эрмек Мукашев, 2013-жылдын октябрь айында Азамат Тургановдор тажрыйба алып келишти. Чыгымдарын Япония мамлекети  төлөдү. Ошондой эле  “Жайка” аркылуу волонтерлордун биздин коомго келип иштешүүсүнө жетиштим.  Ушул жылдарда бизге Сато Сан, Тако Сан, Мацу-да Сан келип коомдун мүчөлөрү менен иштешти. Менин ыраазы болгонум, волонтерлор жапон тилин үйрөтүп, Баткен облусунан Акмөөр, Ош облусунан Ширинай, Ысык-Көл облусунан Ширин аттуу көзү азиз кыздарды үч жарым жылдык Япония университетине жиберип окуттук.  Мацу-да Сан аркылуу таланттуу ырчы кызыбыз Касымбаева Гүлүмдү концерттик программа менен бир нече жолу Японияга жибергенге жетиштик. Ошол эле учурда коомдун мүчөсү Жүзбаева Гүлназды Америка Кошмо Штатына бир жылдык мөөнөткө окууга жибердик.  Ушул иштер менен катар Эмилканова Элнура, Жүзбаева Гүлназ иштеген фонд менен биргелешип  Американын “Лузияна”  штатына эки жолу Коомдун көзү азиз мүчөлөрүн жибергенге жетиштик. Биринчисинде — он эки, экинчисинде — жети коомдун азиз мүчөлөрү Лузиянадагы көзү азиздердин реабилитациялык иштери менен жакындан таанышып келишти.

 — Менин билишимче, япондуктар менен сүйлөшүп бир нече балдардын көзүн операция жасаттыңыз эле?

— 2016-жылдын май айында Мацу-да Сан жана ал ээрчитип келген көзү азиз Токучи Сан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, көзү оорукчан балдар-кыздардын көздөрүнө операция жасатууну Япония тарап каржылай тургандай олуттуу маселени чечкенге жетиштим. Бул жагдай боюнча япониялык коллегалардын үч шарты болду: 1. Көзү ооруган балдардын жаш өзгөчөлүгү мектеп жашта болуусу керек; 2. Хирургиялык операциядан кийин көзүнүн көрүүсү жакшырат деген Кыргызстандын офтальмологунун бүтүмү болуусу керек; 3. Бардык офтальмологиялык операциялар Кыргызстанда жасалуусу керек.

Мен бул шарттарды чын дилимден колдоп, Коомдун борбордук башкармалыгындагы конференция залына көзү оорукчан өспүрүмдөрдү, алардын ата-энелерин, мектептин офтальмолог-врачтарын  чогултуп Мацу-да Сан, Токучи Сан менен жолугушуу уюштурдум. Ошондон бери жетимиштен ашуун кыргызстандык балдардын көздөрүнө операция жасалды.

 — 25 жыл айтканга оңой болгону менен, ал учурдагы түмөн-түйшүктөр эсиңизде кыттай куюлуп калды болуш керек?..

—  Коомду жетектеген 25 жыл мезгил ичинде, мендеги кыялдарга, алдыга койгон максаттарга коомдун активисттери толугу менен колдоо көрсөтүп келишти. Алар менен бирдикте, союз кулаган өткөн кылымдын токсонунчу жылдарында, завод-фабрикалар, колхоз-совхоздор талоонго түшкөн кездерде, 148 гектар сугат, айдоо аянтын Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун эсебине каттаттырдык. Он ишкананын бирөөнү да саттырбай, менчикке чыгартпай туруп 1995-жылдарда Ош шаарында “Дыйкан” ишканасын, Кара-Суу шаарында дагы бир ишкана уюштурдук. Ушул иштерде мага чын дилинен жардам беришкен Турдумамат Эргешовго, көзү боюнча майыптар Шамшы Бекназаровго,  Калык Камалдиновго биринчи кезекте ыраазымын.

Коомдун борбордук башкармалыгынын колдоосу менен Ош шаарындагы эски территориябызда “Дыйкан” ишканасын уюштуруп, ишканага эки кабат цех жана корпустарды курдуруп, транспорттук жана технологиялык жабдуулар менен камсыздоо иштерин чечип, ошол кезде “Дыйкан” ишканасына бекитилип берилген Өзгөн районундагы 13 гектар, Сузак районундагы 19 гектар айдоо жерди “прихватташтырганга” жол бербей, эмгек жамааты менен бирге күндөп-түндөп жерди кайтарып Коомго сактап калган Турдумамат Эргешовдун эмгеги зор. Кара-Суу шаарына жаңы ишкана түзүүгө бирден бир көмөк көрсөткөн  ошол кездеги Ош облустук керек-жарак бирикмесинин төрагасы, кийин Жогорку Кеңештин депутаты Мамат Орозбаевге чыныгы атуулдук эрктүү чечими үчүн терең ыраазычылык билдирем. Менин өтүнүчүм боюнча Орозбаев Мамат ага Кара-Суу шаарындагы мурдагы эки кабат “Балдар дүйнөсү” аттуу дүкөндүн имаратын биздин Коомго акысыз өткөзүп берип, ишкана ачууга шарт түздү.

Коомдун Кара-Суу райондук баштапкы уюмунун төрагасы Камалдинов Калык аксакал, көзү эң начар көрсө да, өтө зирек, тың алдам эле. Уюмду жетектеген көп жылдар ичинде азиз, дудук, майып адамдарга атасындай камкордук жасап келди. Бирок эч убакта жасаган иштерин, элге кылган жакшылыктарын жарыя салып айтпаган асыл адам эле.

Камалдинов Калык аксакалдын мындай касиетине “Ыйман” фондусунун жетекчиси Нуржигит мырзанын Курандан келтирген  Пайгамбардын хадиси шайкеш келгендей: “Адамга, элге кылган жакшылыгыңды айгайлап жарыялаба. Ошол кылган жакшылыктарың жөнүндөгү  маалыматтарды сууга сал. Сууга салсаң ал жакшылыктарды балык билет. Балык билбесе — Калык билет. Калык – “Жараткан” деген маанини билгизет”. Камалдинов Калыктай адамдардын кылган жакшылыктарын айрым адамдар билип туруп баалабаса да  Жараткан билер, Жараткан баалар…

 — Сиз жетектеп турган убакта канча ишкана бар эле, алар бүгүнкү күндө да иштеп жатабы?

— 1990-жылдардын ортосунда Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр   коомунда 12 өндүрүштүк ишканасы иштеп, сакталып, бүгүнкү күндө да Кыргызстандын экономикасына салым кошууда.  Салыштырмалуу түрдө бир гана мисал келтирип кетейин. Коомдун бардык ишканалары биригип 2015-жылы 137 түрдөгү продукцияны 2 миллион 100 миң долларга өндүрсө, Молдова азиздер коомунун мүчөлөрүнүн да, ишканаларынын да саны биздикиндей болуп туруп, ошол эле 2015-жылы, болгону 125 миң долларга продукция чыгарышкан.

 — Ал эми ден соолугу чектелген балдарга билим берүү, аларды бир адистикке окутуу жагы Коомдо каралчу беле?

— Коомду жетектеген мезгилде, келечегибиз болгон майып балдарга билим берүүнү, адистикке ээ кылууну көңүлүмдүн борборуна, жасаган иш-аракеттеримдин өзөгүнө коюп келдим.

Менин ошол кездеги КРнын премьер-министри Насирдин Исанов жана Өкмөттүн бөлүм башчылары Алмаз Рысмендиев, Күмөн Исаковдор менен жолугуп сүйлөшүүлөрүмдүн натыйжасында, майып мектеп бүтүрүүчүлөргө  мамлекеттик окуу жайлардын каалаганына  экзамен тапшырууга тоскоолдуксуз жол ачылып, кирүү конкурстарынан бошотулушкан. Бүгүнкү күндө жогорку жана атайын орто окуу жайларында 90-105ке чейин майып студенттер билим алышат.

Ушул эле жаштарга билим берүү багытта, жети жыл аракет жумшап, Өкмөттүн тиешелүү токтомдорун чыгартып, министр-ректорлордун тынчын алып, 2001-жылы И.К.Ахунбаев атындагы Медициналык академиясынын алдында бюджеттик негизде, эки жылдык, он орундук  орто медициналык профессионал укалоочуларды даярдаган бөлүм ачтырдым. 15 жылдын ичинде 150дөн ашык көзү азиз улан-кыздар кесипке ээ болуп татыктуу иштеп жүрүшөт. Мындай адистештирилген окуу жайы Казахстан жана Орто Азия мамлекеттеринин биринде да кездешпейт.

Ошондой эле тогуз жыл чуркаган аракетимдин натыйжасында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы көзү азиз балдардын билим алышы жана ата-энелерине жакын болушу үчүн, өкмөттүн тиешелүү токтомдорун чыгартып, имарат бөлдүрүп, 2003-жылы Ош шаарында 110 орундук адистештирилген жатак-мектеп ачтырдым.

Ал жатак-мектепти  15 жылдан бери, күчтүү педагог, азиз балдарды окутам дегенге жан дилин берген Кудайкулова Айгүл жетектеп келет. Айгүл Мамажановна бардык  реконструкция жана капиталдык ремонт иштерин жогорку сапатта жүргүзүп, өзүн чарбачыл жетекчи, таланттуу уюштуруучу катары көрсөтө алды.

Коомдун өтүнүчү менен бул мыкты новатор-педагог Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамотасы  менен сыйланган.

 — Сиз акыркы жылдары майыптардын турак-жай маселесин чечүүгө да шымалана кириштиңиз. Бирок сиздин жакшылыңызды билгендер да болду, нааразы болгондор да жок эмес.

— Кийинки өтө маанилүү иш — майыптарды турак жай менен камсыз кылуу болду. Майып адам үчүн өз түндүгүң болбой батирде жашоо өтө оор. Ошол себептен, үй салуу, майыптарды үй менен камсыз кылуу, өтө татаал иш экенине карабай, кээ бир үй алгандардын — неге биринчи же тогузунчу кабаттан бердиң деген нааразылыктарына карабай, кезектеги салынчу үйдү күтпөй – азыр эле бере сал, — деп кекиртектегенине карабай, мойнума өтө керек, өтө зарыл, бирок чырлуу, наалаттуу милдетти алганга чечим кабыл алдым. Иштедим, чуркадым, канча ден соолук кетирдим.

Бардык кыйынчылыкка карабай, 25 жылдан ашык Коомду жетектеген мезгилде 662 үй-бүлөнү бир бөлмөдөн төрт бөлмөгө чейинки бекер үйлүү кылдым. Эгерде бир үй-бүлөдө, жок эле дегенде эки-үч баласы болсо, анда ошол үйлөрдө үч миңге жакын адам жашап жатат. Дагы да  болсо майыптарга үйлөрдү салганга жакшынакай ойлорум бар болчу. Ал ойлорумду ишке ашыра албай калганыма өкүнөм.

Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун бүтүндүгү менен биримдигин сактап келген далаалатым ар кандай шылтоолор менен кээ бир күчтөр тарабынан менин күнөөм катары токулуп, кызматтан кетүүгө мажбур болдум.

Турак жай менен майып адамдарды камсыз кылуу боюнча жакынкы коңшу мамлекеттер менен салыштырма келтирип кетейин. Союз кулагандан кийин Казахстан, Өзбекстан, Таджикстанда майыптар үчүн бир да үй салынган жок. Түркмөнстан бизге караганда бай мамлекет болуп эсептелет. Аларда нефть менен газ бар. Пахта өндүрүлөт. Мамлекеттик бийлик туруктуу. Союз тарагандан бери жети майып үй-бүлө гана үй менен камсыз болгон. Мен Коомду жетектеген чейрек кылымда Кыргызстан эки революцияны башынан кечирип, төрт президент, Жогорку Кеңештин он алты спикери, 27 премьер-министр иштешти. Бардыгы менен тил табышып, баарысынын колдоосуна ээ болдум. Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун өнүгүшүнө, жалпы эле майыптардын өзүн-өзү реализация кылышына керектүү Президенттин Указдарын, Жогорку Кеңештин мыйзамдарын,  Өкмөттүн токтомдорун, министрликтердин, мэриялардын чечимдерин чыгартканга жетиштим.

 — Ардактуу эс алууга чыккандан кийин эмне иш менен алектинип жатасыз?

БАЛАЛЫКТАН  УЛУУЛУККА  ЖОЛ

— Университетте тырышып эң жакшы деген баага окуган жылдарым менен коомдогу күн-түн дебей жан сабап, тынымсыз иштеген 40 жылдык эмгектен кийинки эс алуу кезимдеги пайда болгон боштук — жубайым Динардын камкордугу, уулубуздун, төрт кызыбыздын, эки неберебиздин окуудагы, иштердеги ийгиликтери менен толукталып, аксакал катары Кудайга шүгүрчүлүк келтирүү менен өтүп жатат.

Мен туулуп өскөн, тоосундагы килем сымал көк шиберинде далай жолу жылаңайлак чуркаган, мөлтүр булактарынын суусун ичип, айылдын көчөсүнүн чаңын кечип, балдар менен чүкө атып, жашынмак, чикит, ак чөлмөк ойноп чоңойгон асыл айылымды күнү куру эмес эстейм, сагынам.  Жооптуу кызматты аркалап кол тийбей жүргөн кездерде да айылга бир күнгө бара калып айылдаштарыма учурашып, ал-ахывалдарын сурап, колумдан келген жардамымды берип келчүмүн.

Айылдаштарым — биздин сыймыктуу кулунубуз, — дешип, элдин айылдык кеңешке жолдогон кайрылуусу менен, 2013-жылдын сентябрь айында мен чуркап чоңойгон Чоң Кызыл-Суу айлынын чоң көчөсүнө  “Калык Мамбетакунов көчөсү” — деген атты  ыйгарышты.  Ошондой эле айыл тургундарынын райондук кеңешке кайрылуусу менен  2012-жылдын ноябрында “Жети-Өгүз районунун ардактуу атуулу” — деген наамды беришти. Мен үчүн айылдаштарымдын, жердештеримдин мага көрсөткөн ушул сый-урматы баа жеткис. Мен Жети-Өгүз элине чексиз ыраазымын.

Ошондой эле чын дилимден ата-энеме, бир туугандарыма,  мугалимдериме,  классташ-курсташтарыма, мага ар дайым колдоо көрсөткөндөрү үчүн, ак дилден жасаган жардамдары үчүн өмүр бою ыраазымын. 1970-жылдын февраль айынан бери мен мүчө болгон Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун  жамаатына, алардын мага берген оң таасирине башымды ийип таазим этем.  Майыптарга,  өзгөчө азиз, дудуктарга көрсөткөн камкордуктары үчүн  мамлекеттик бийликке, мамлекеттик чиновниктерге, массалык-маалымат каражаттарына чоң ыраазычылык  билдирем.

 Маектешкен Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер