“БАЛАЛЫК ДҮЙНӨСҮ ЖАНА КӨЧМӨН ДЕМИ” ФЕСТИВАЛЫ
- 01.06.2026
- 0
Бишкектеги “Сейтек” балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук борборунда жана Чыңгыз Айтматов атындагы эмен багынын аймагында 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата «Балалык дүйнөсү жана көчмөн деми» аттуу майрамдык фестиваль өтүүдө.
Фестивалды ачкан агартуу министри Д.Кендирбаева балдарды, ата-энелерди, мугалимдерди «Балдарды коргоонун эл аралык күнү» менен куттуктоо сөзүндө балдар үчүн эң баалуу, эң өзгөчө мамиле жасашыбыз керектигин, бекер мээримибизди аябай камкордук көрүп, шыктандырып, өнүгүшүнө мыкты шарт түзүү менен сапаттуу жашоого ээ болорубузду баса белгиледи: «Биздин балдар — биздин байлык. Ал ар бир үй-бүлөдөгү айныгыс келечектин ээлери болуп эсептелет» — деди ал.
Фестивалдын алкагында улуттук аспаптарда ойноо, улуттук оюндар жана бийлер, боз үй тигүү, планетарий, 3D графика жана дизайн, улуттук жана интеллектуалдык көргөзмөлөр, архитектура, спорт, сүрөт, ыр жана бий чеберлеринин катышуусунда мастер-класстар, робототехника, көркөм сүрөт жана прикладдык чыгармачылык, спорт оюндары, экология жана туризм боюнча ар кыл иш-чаралар уюштурулууда.
Фестивалдын негизги максаты — балдардын чыгармачылык дараметин өнүктүрүү, улуттук баалуулуктарды даңазалоо, ошондой эле балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселелерине коомчулуктун көңүлүн буруу.
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
«Кут Билим»





Комментарийлер