«БАЛАГА СҮЙҮНЧҮ» ЭМИ «ТҮНДҮК» ТИРКЕМЕСИ АРКЫЛУУ ЖЕТКИЛИКТҮҮ
- 14.10.2026
- 0
«Түндүк» мобилдик тиркемесинде «Балага сүйүнчү» мамлекеттик жөлөкпулун тариздөө боюнча жаңы электрондук кызмат ишке киргизилди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Эми ата-энелер жөлөкпул алуу үчүн арызды телефон аркылуу бере алат. Бул жаңы кызмат Социалдык камсыздоонун бирдиктүү тутумуна тиешелүү модулду киргизүүнүн алкагында ишке ашырылды. Бала төрөлгөнү ЖААК органдарында катталгандан кийин ата-энелер санариптик сервис аркылуу жөлөкпул алууга арыз бере алышат.
Электрондук форматты киргизүүнүн негизги максаты — жөлөкпулду тариздөө жол-жобосун жөнөкөйлөтүү, административдик тоскоолдуктарды азайтуу жана жаңы төрөлгөн балдары бар үй-бүлөлөр үчүн мамлекеттик колдоонун жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу.
Ошол эле учурда жөлөкпулду КТБлар (Калкты тейлөө борборлору) аркылуу салттуу тартипте тариздөө мүмкүнчүлүгү да сакталып калат. Жарандар өздөрүнө эң ыңгайлуу болгон жолду — электрондук же жеке кайрылуу форматын өз алдынча тандай алышат.
А.К., «КБ»




