БАЛАҢЫЗГА МЕКТЕП ТАНДАДЫҢЫЗБЫ?
- 25.04.2025
- 0
Билим берүү жана илим министрлиги мектепке биринчи жолу бара турган балдардын ата-энелерин 1-июнга чейин мектепти тандоосун ырастоого чакырат.
Учурда каттоонун биринчи этабы жүрүп жатат, сиз тандаган мектеп сиздин каттоо дарегиңизге жакын жайгашса, 1-июнга чейин тандагандыгыңызды ырастоо зарыл.
Ушул тапта электрондук каттоо системасынын маалыматы боюнча мектептердеги орундардын жалпы саны: 285 560. Ал эми ата-энелер тарабынан ырасталган орундардын жалпы саны: 92 370 (анын ичинде артыкчылык укугу бар балдар үчүн — 1 268).
Бул мектепке бара тургандардын 32 пайызын гана түзөт. Азыркы күндө каттала элек бош орундардын саны: 193 190 (анын ичинде артыкчылык укугу бар 29 146 бала).
Урматтуу ата-энелер! Эгер мектеп тандооңузду ырастай элек болсоңуз, акыркы күндөргө калтырбай, шашылыңыз. Анткени система реалдуу убакыт режиминде иштейт, өз убагында ырастасаңыз, балаңыз каттоо дарегиңиз боюнча мектепке катталат.
Комментарийлер