БАЛА БАКЧАДА ОКУГАН БИРИНЧИ КЛАСС
- 11.09.2025
- 0
Борбор калаабыздагы төрт мектептин 1-классынын окуучулары орун тартыштыгына байланыштуу бала бакчалардын имаратында окуп жатат.
Бишкек шаарындагы №94, 38, 20 жана №102 мектептеринин 1-классынын окуучулары ошол аймакка жакын жайгашкан № 23, 51, 40 жана №21 бала бакчалардын имаратында билим алышууда. Буга мектептердеги орун тартыштыгы себеп болууда. Министрлик окуучулары мектепке батпай калса, жакын жайгашкан бала бакчалардын имараттарына жайгаштыруу мүмкүнчүлүктөрү каралары тууралуу алдын-ала эскерткен эле.
№23 “Нурназик” мектепке чейинки билим берүү уюму Дордой 1 жаңы конушунда жайгашкан. Бул бала бакча кечээ жакында эле, тагыраак айтканда, 2024-жылдын 2-сентябрында ишке берилген. Мында азыр №94 мектептин 1-классынын окуучулары билим алууда.
— “Нурназик” бала бакчасынын кубаттуулугу 280 орундуу болуп эсептелет. Бакчада балдар үчүн бардык шарттар каралган. Бала бакча кыргыз тилдүү жана 12 тайпадан турат. Быйылкы жаңы окуу жылында бизге чукул жайгашкан №94 мектептин 1-классынын окуучуларына эшигин ачты. Бакчанын эки бөлмөсү класска ылайыктуу жасалгаланып, алты класстын окуучулары үч нөөмөт менен билим алып жатат. Эки класста керектелүүчү эмеректери, доскалары, андан тышкары, жуунучу жайлары, дааратканасы бар. Окуучуларга бир маал ысык тамак уюштурулган. 1-сентябрда ата-энелер балдарын кадимки эле мектепке алып баргандай, колдорунан жетелеп келип, 1-класстын босогосун аттатып салтанаттуу линейкага катышты. Азыр окуучулар ата-энелеринин толук көзөмөлүндө. Өздөрү менен чогуу келип, сабак аяктаганда, үйлөрүнө алып кетишет, — дейт бала бакча башчысы Назира Кожоналиева.
Жаңы конуштарда инфраструктура эми гана жакшы жолго коюлуп келаткандыктан, мурда Дордой, Ак-Бата, Ак-Ордо сыяктуу жаңы конуштарда жашаган балдар шаардын ичиндеги бала бакчаларга жана мектептерге каттап окуп, кезегинде жол азабын тартып келишкен. Азыр жылдан жылга шарттары жакшырып, жаңы бала бакчалар, мектептер курулуп, борборго каттап окуунун зарылдыгы деле азайып бараткандай. Арийне, демографиялык өсүштү, ошондой эле жаңы конуштардагы ички жана тышкы миграция агымын эске алганда, муктаждыктар өсүүдө.
Мына ушундай тенденцияны Ак-Ордодо жайгашкан №102 мектептен байкоого болот. Мындагы балдардын саны көптүгүнө байланыштуу жергиликтүү администрациянын чечими менен быйыл 1-класска кабыл алынган балдар №21 бала бакчага барып окуп жатышат. Бала бакчанын директору Сулуучач Бобукееванын айтымында, кыргыз тилдүү класстардагы окуучулардын жалпы саны 105, орус тилдүү класстардагы окуучулардын жалпы саны — 84 .
— Бала бакчанын имаратынан эки кабинет бөлүнүп берилди. Кыргыз тилдүү жана орус тилдүү 1-класстын окуучулары үч нөөмөт менен окушууда. Сабактары эртең мененки 7:30да башталып, кечки 16:00до аяктайт. Бизде балдардын жаш курагына ылайыкташтырылып бардык шарттар түзүлгөн. Окуучулар үчүн мугалимдер ар кандай ребустарды пайдаланып кызыктуу сабактарды өтүшүүдө. Балдар айрыкча боемо кагаздар менен иштегенге кызыгып жатканы байкалат. Тажрыйбалуу мугалимдер окуучулардын убактыларын туура пайдаланууга үйрөтүп, даярдыгы ар кандай деңгээлдеги балдар менен иш алып барышууда. Ата-энелер да өз кезегинде керектүү окуу куралдары, китептер менен камсыздап беришти. Эки имараттын аралыгы жакын болсо да, биз эң биринчи балдардын коопсуздугуна кам көрүү максатында жол инспекторлорун чакырып, окуучуларга маршруттук жол картасын түзүп бердик.
Жеке эле жаңы конуштардагы мектептерде эмес, шаар ичиндеги мектептерде да орундар жетишпей, класстардагы балдардын саны нормадан ашып жатканын белгилебей коюуга болбойт. Расмий маалыматтар боюнча окуу жылынын башталышына карата 63 жаңы мектеп жана 19 бала бакча пайдаланууга берилген, дагы бир катар мектептер курулууда. Бул тууралуу Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Билим күнүнө карата кайрылуусунда “Бүгүн алдыбызда дагы бир маанилүү милдет – жаңы мектептерди куруу милдети турат. Демографиялык өсүш жана ички миграция баш калаанын мектептеринин жана облустук мектептердин ашыкча жүктөлүшүнө алып келди. Соңку жылдары активдүү курулуш башталганы үчүн Министрлер Кабинетине ыраазычылык билдиребиз, бирок айрыкча Бишкек, Ош, Жалал-Абад тез чечимдерге муктаж” – деп баса белгиледи.

Марина Суеркулова Бишкек шаарындагы №38 мектепке конкурстан өтүп директор болгонуна бир жылдан ашты. Эки жогорку кесиптин ээси жетектеген мектеп 1979-жылы курулган борбор калаабыздагы эски мектептердин бири. Анын долбоордук кубаттуулугу 1900 балага эсептелгендигине карабай, учурда 4600 бала билим алууда. Кабинеттер жетишпегендиктен быйылкы кыргыз тилдүү 1-класстын 120 окуучусун жанындагы №51 бала бакчага жайгаштырышты. Бизди жылуу кабыл алган Марина Шафатовна өзү да кезегинде ушул мектепти аяктагандыгын, ал тургай 1-класска киргенде коңгуроо какканын жылмайып эстеп өттү.
— Мен өзүм ушул мектептин бүтүрүүчүсүмүн. 1-класска киргенде коңгуроо кагып, мектеп босогосун алгач аттаган күнүм алигиче эсимде. Андан бери өлкөбүздө ири өзгөрүүлөр болду, айрыкча чоң өзгөрүү быйылкы жаңы окуу жылында киргизилди. Тагыраак айтканда, баарыбыз 12 жылдык билим берүүгө өтүп, өзүбүздөн да, окуучулардан да чоң өзгөрүүлөрдү күтүп жатабыз. Балдардын саны жылда эле көп болуп келгени жашыруун эмес, айрыкча, башталгыч класстарга көп бала кабыл алынат да, 5-6-класска барганда, айрыкча, 9-10-класстарда балдардын саны кадыресе сээлдей түшөт. Себеби башка мектептерге которулат, лицейлерге окууга өтүшөт. Мектептеги класстар мурдагы союз учурундагы система боюнча калыптанып калгандыктан, кыргыз класстары тартыш. Андыктан быйыл 120 окуучубузду жаныбыздагы №51 бала бакчага отургуздук. Мындай чечимге ата-энелер да каршы болгон жок, тескерисинче, 5-6 жаштагы балдардын коопсуздугу үчүн бала бакчанын аймагы ылайыктуу экен дешти. Быйылкы окуу жылын ушул бала бакчада окушса, келерки жылга чейин дагы караштырып көрөбүз, — деди.

Биз окуучулар окуп жаткан №51 бала бакчадагы 1 “в” класска баш бакканыбызда, мугалими Айдана Илимбекова танапистик көнүгүүлөрдү жасатып, жаңы эле кийинки сабагына киришиптир. Үч жылдан бери мугалим болуп иштеп келаткан жаш адистин классында 39 окуучу окуйт. Ал биздин суроолорубузга кыскача жооп берип, балдардын мектепке даярдык деңгээли ар түрдүү экендигин белгиледи.
— Балдардын аракеттери азырынча жакшы. Бирок калем сап кармоодо, түрдүү карандаштар менен көркөмдөп боегонду талап кылган учурларда кээ бир балдардын даярдыгы начар экендиги байкалат. Андыктан үйдө ата-энелер көбүрөөк көңүл буруп, калем сапты туура кармаганды үйрөтсө, балдардын колу көнө түшөт эле, — деп, ата-энелерге өтүнүч менен кайрылып өттү.

Жаңы окуу жылында Кыргызстанда “Наристе” мектепке чейинки даярдоо программасы менен иштеген 3 миңге жакын педагог башталгыч класстарга толук жүктөмдө сабак бере баштады. Бул мугалимдерге болгон муктаждыкты жоюуга жана кадрларды мектепке чейинки билим берүүдөн башталгыч звеного которууга мүмкүндүк берет.
Быйылкы окуу жылында Кыргызстандагы 2394 мектепте 1,5 миллиондон ашык бала билим алып жатат. Аларга билим берген мугалимдердин саны 93 миңден ашык. Мектептик билим берүүдөгү негизги жаңылык – “Алтын Казык” программасынын алкагында 12 жылдык мектептик билим берүү болууда.
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”
Комментарийлер