БАЛА БАКЧАЛАРГА ТЕЛЕЗИВОРЛОР ТАПШЫРЫЛДЫ

  • 03.06.2025
  • 0

Билим берүү жана илим министрлигинде Балдарды коргоо күнүнө карата республика боюнча 430 мектепке чейинки билим берүү уюмуна телевизорлор тапшырылды

Бул колдоо мектепке чейинки билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана тарбия берүү процессинде заманбап технологияларды кеңири колдонууга өбөлгө түзөт.

Белектерди тапшыруу учурунда министрдин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев: “Телевизорлор мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого багытталып, жаш өспүрүмдөрдүн ар тараптуу өнүгүүсүнө жардам берет деп ишенебиз”, – деди.БАЛА БАКЧАЛАРГА ТЕЛЕЗИВОРЛОР ТАПШЫРЫЛДЫ

Иш-чарага катышкан министрдин орун басары Надира Джусупбекова тарбиячыларды 2024-2025-окуу окуу жылын ийгиликтүү аякташы менен куттуктап,БАЛА БАКЧАЛАРГА ТЕЛЕЗИВОРЛОР ТАПШЫРЫЛДЫ

“Сиздердин күч-аракетиңиздер менен балдарыбыз мыкты билим алып жатышат. Талыкпай эмгектенип, балдарга билим, тарбия берип жаткан бардык тарбиячыларга ыраазычылык билдиребиз. Жаңы окуу жылын жакшы даярдык менен баштап, ар тараптан колдоо көрсөтө беребиз” деп билдирди.

Бөлүшүү

Комментарийлер