БАЛА БАКЧАГА КЕСИПКӨЙ АДИСТЕР КЕЛИШИ КЕРЕК

  • 07.12.2022
  • 0

Бала бакчада иштеген адистердин 15% гана мектепке чейинки билим берүү адистигине ээ. Бул тууралуу КР билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки билим берүү саясаты бөлүмүнүн башчысы Нурзида Касымова 7-декабрда Бишкек шаарында өткөн билим берүү секторунун биргелешкен обзорунда билдирди.

Докладчы билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлери, эл аралык жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү, эксперттер катышкан жыйында сүйлөгөн сөзүндө учурда мектепке жашы жете элек бөбөктөрдү бала бакчага тартуу, аларды туура тамактандыруу, бала бакчаларды каржылоо, ата-энелердин жоопкерчилигин жогорулатуу маселелерине кеңири токтолду.

БАЛА БАКЧАГА КЕСИПКӨЙ АДИСТЕР КЕЛИШИ КЕРЕК

Бул тармактын эң чоң көйгөйү — бөбөктөр толугу менен бала бакчага тартылбай жаткандыгы. Расмий маалыматтар боюнча республика боюнча 24% гана бала мектепке чейинки мекемелерге барат. Ошондон улам кыска мөөнөттүү бала бакчалардын санын көбөйтүү зарылдыгы келип чыгууда. Талкууга катышкан эксперттердин пикиринде окутуп-үйрөтүүгө гана багытталган кыска мөөнөттүү бала бакчалардын арбын болушу балдарды мектепке даярдоодо олуттуу салым кошо алат. Алардын айтымында, эрте жаштагы бөбөктөрдү окутуп-тарбиялоодо ата-энелери өздөрү көбүрөөк убактыларын арноого тийиш.

Катышуучулар чукул арада чечүүгө муктаж болгон олуттуу маселелердин катарына бала бакчалардагы кесипкөй адистердин, анын ичинде IT адистеринин, медициналык кызматкерлердин жетишсиздигин белгилешип, аларды даярдоо жана кайра даярдоого көбүрөөк убакыт жумшоо керектигине токтолушту. Эксперттер бала бакчалардагы педкадрларды жана балдарды окутууда окуу-методикалык пособиелер, интернет байланышы менен максималдуу камсыздоо аркылуу билим берүү сапатын бала бакчадан жогорулатууга жетишсе болот деп эсептейт.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер