БАКЫТ КУШУ жана КАРАКЧЫЛАР

  • 15.02.2019
  • 0

Лейлек районунун Казыев Кожояр атындагы орто мектебинин 4-класстын окуучулары менен ата-энелерине  «Окурман ата-эне» долбоорунун 1-сабагын класс жетекчи Карабекова Айпара өткөрдү.

БАКЫТ КУШУ жана КАРАКЧЫЛАР

Мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы Жеңишбек Абдиназаровдун берген маалыматына таянсак, долбоордун коногу болуп 4-класстагы Нурланбекова Сумаянын апасы Гүлбайра Саттарова чакырылды. Ал окуучуларга Аман Карымшаковдун «Телекитеп» жомоктор жыйнагынан «Бакыт кушу жана каракчылар» жомогун тыным менен окуу усулунун негизинде окуп берди жана жыйынтыгында тест алды. Тестке ата-энелер да катышты. Телекитепти мектептин китепканасына белекке берди. Жомоктун мазмунунда сүрөт тартып келүү үйгө тапшырма берилди. Эстафета Сүйүнбаева Асеманын апасы Зулайка Айтемировага тапшырылды.

БАКЫТ КУШУ жана КАРАКЧЫЛАР

БАКЫТ КУШУ жана КАРАКЧЫЛАР

БАКЫТ КУШУ жана КАРАКЧЫЛАР

Сабак соңунда окуучулардан кайтарым байланыш болуп, төмөнкүдөй анкеталык суроолор берилди:

— Жомок эмнеси менен жакты?

— Силерде бакыт кушуңар барбы?

— Эгер силер Нурсултандын ордунда болгонуңарда, эмне кылмаксыңар?

— Каракчы болгуңар келеби?

— Үйүңөдө китеп текчеңер жана китептериңер барбы?

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер