БАКМК ОКУТУУЧУЛАРЫ ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН КООПЕРАЦИЯНЫ КҮЧӨТҮҮ БОЮНЧА СЕМИНАРГА КАТЫШЫШТЫ

  • 04.12.2020
  • 0

Бишкек архитектура жана курулуш менеджменти колледжинин окутуучулары кесиптик лицейлер жана колледждер менен иш берүүчүлөрдүн ортосундагы кооперацияны күчөтүү, ошондой эле кызматташтыкты бекемдөө жана биргелешкен иш-аракеттер пландарын иштеп чыгуу боюнча семинарга катышышты.

Семинар Бишкек, Токмок, Кара-Балта, Балыкчы жана Нарын шаарларынын пилоттук лицейлеринин жана колледждеринин өкүлдөрүнүн катышуусу менен өткөрүлдү.

Семинарда КР Билим берүү жана илим министрлигинин “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун социалдык өнөктөштүк (көзөмөлчүлүк кеңештери, эксперттик топтор, меморандумдар, тейлөө-борборлору ж.б.) боюнча компоненттери талкууланды.

Ошондой эле, катышуучулар иш берүүчүлөр менен социалдык өнөктөштүк боюнча координаторлордун потенциалын күчөтүү, кесиптер жарманкесин өткөрүү (кесиптер чепионаттары, мелдештер), кесиптик багыт берүү боюнча программаны түзүү жана өткөрүү шарттары боюнча маселелерди талкуулашты.
Семинар санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди жана социалдык аралыкты сактоо менен өткөрүлдү.

Бөлүшүү

Комментарийлер