БАКАЙАТАЛЫК САЛИЯ КЫТАЙДА БИЛИМ АЛУУДА

  • 10.01.2018
  • 0

БакайАта районуна караштуу Ынтымак айылынын 18 жаштагы тургуну Салия Дилдебекова учурда Кытайдын Цзыбо шаарында билим алууда.

БАКАЙАТАЛЫК САЛИЯ КЫТАЙДА БИЛИМ АЛУУДА

Өзүнүн айтымында, Кытайда университетке тапшыруу үчүн азыр даярдык курсунан өтүп жатат.

  • Бул жакка Ынтымак айылындагы Э.Капалов атындагы орто мектепти аяктап, атайын Кытайга окууга экзамен тапшырып өтүп кеттим. Мурда эле Кытайда окуганга кызыкчумун. Ата-энем дагы колдоо көрсөтүштү. Учурда бул жерде бир жылдык даярдык курсун окуп жатам. Даярдык бүткөндөн кийин косметолог боюнча окуумду улантам. Анткени Кыргызстандын косметологдорунун көпчүлүгү Кытайдан окуп бүтүшкөн. Ошондуктан мен дагы өз кесибимдин мыкты адиси болууну чечип Кытайга окуганы келдим. Кытайда окуган мага аябай жакты. Бул жерде чет жактан келгендерди өзгөчө сыйлашат. Кытайда ар кандай майрамдар өткөрүлүп турат. Чет өлкөдөн келген студенттер өз өлкөсүнүн маданияты менен тааныштырышат. Биз дагы кыргыздын улуттук бийи болгон «Жалын бийин» бийлеп бердик. Биздин бийибиз кытай элине аябай жагып, ошол учурдан бери ар бир концерттерине бийлеп берип жатабыз, — деди ал.
  • БАКАЙАТАЛЫК САЛИЯ КЫТАЙДА БИЛИМ АЛУУДА

Салия буга катар эле Кытайга көнүү бир топ оор болгондугун кошумчалады.

  • Кытайга көнүү аябай эле кыйын болду. Ата-энем, жакын адамдарым, досторумдан алыстадым. Бирок акыры бул жакка да көнүп кеттим. Азыр болсо бул жакка келгениме эч өкүнбөйм. Чет жакка чыгып окугандын пайдасы бар. Дүйнөгө, туулган жерге болгон көз карашың дагы өзгөрүлөт. Ата-энеңдин, эл-жериңдин баркын билесиң, — дейт Салия.
Бөлүшүү

Комментарийлер