БААТЫРЛАР ӨЛСӨ ДА ДАҢКЫ ӨЧПӨЙТ

  • 27.09.2021
  • 0

Ош шаарындагы №31 Курманжан датка атындагы орто мектебинде жаңы окуу жылынын башталышына арналган салтанат быйыл өзгөчө эсте каларлык болду.

Бул күнү мектептин мурунку бүтүрүүчүлөрү, Ооган согушунун баатырлары Сасыкбаев Жаңыбай менен Жумабеков Жаныбектин эстелиги ачылып, гүлчамбарлар коюлду.

“Баатырдын өмүрү кыска, даңкы узун” дегендей, Ооган согушунун баатырлары Сасыкбаев Жаңыбай менен Жумабеков Жаныбектин тууган-туушкандары, классташтары, мугалимдери, кан майданда бирге болгон Ооган согушунун ардагерлери, ошондой эле шаар бийлигинин өкүлдөрү эстелик ачуу салтанатына катышып, жүрөктөн чыккан жалындуу сөздөрүн айтышты.

– Эстелик жөн жерден коюлбайт. Ал ошол баатырлардын өзү өлсө да даңкы өчпөсүн, баатырлардын атын, эрдигин келечек муун биле жүрсүн деп коюлат, — деди окуучуларга кайрылып, Ош шаарынын вице-мэри Джунусбаев Сонунбек.

БААТЫРЛАР ӨЛСӨ ДА ДАҢКЫ ӨЧПӨЙТ

Кан майданда баатырларча курман болгон Жаңыбай Сасыкбаевди жеңеси Айзада Сасыкбаева кайниси тууралуу эскерди.

– Мен келин болуп келгенде биринчи класста окучу. Өз баламдай болуп колумда чоңойду эле. Жүрөгүм сыздап турат, — деди жеңеси көзүнө жаш алып.

Ал эми эр жүрөк жоокер Жаныбек Жумабековдун эжеси Анархан Жумабекованын сөзү бул жерде тургандардын баарын ыйлатты.

– Бир тууганымдын көзү өтүп кетсе да эскерип турганыңарга ыраазымын!.. Менин үкөм өлбөптүр! — деп айтты баатыр жоокердин бир тууган эжеси.

Эстелик ачуу салтанатында Жумабеков Жаныбекти акыркы сапарга узаткан жолдошу, Ооган согушунун ардагери Кадыров Таалай сөз сүйлөдү.

– Жаныбек дайыма алдыңкы сапта жүрчү. Эч нерседен коркпогон мүнөзү бар эле… Жолдоштукка да бекем болчу, — деди ал.

Бул күнкү иш-чарага Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Абдыкалык Акжолов, Ооган ардагерлер коомунун шаардык бөлүмүнүн төрагасы, полковник Кахан Эралиев да катышты.

– Жапалак айылынан Ооган согушуна 63 жоокер катышкан. Бир канчасы согуш талаасында баатырларча курман болду. Биз алардын эрдигин эч качан унутпайбыз! — деди Ооган ардагерлер коомунун шаардык бөлүмүнүн жетекчиси.

Баатыр жоокерлердин ысмы айылдагы эки көчөгө берилген. Ал эми бул күнкү эстелик мектептин короосуна Ооган ардагерлер коомунун аракети менен коюлду. Эстеликти ачууну ушул мектепте узак жылдар мугалим болуп иштеген Ооган согушунун ардагери Кадыркулов Манас демилгелеп, уюштуруу иштерин бүтүрүүдө зор эмгек өтөдү. Жаныбек Жумабековдун классташтары эстелик турган жерди жашылдандырууга 16500 сом чогултуп беришти. Баса, Жаныбектин классташы Ыктыяр Бердибаев да Ооган согушунун ардагери болуп
эсептелет.

– Буюрса, эстелик турган жер мектеп окуучуларын мекенчилдикке тарбиялоонун эң маанилүү аянтчасы болуп калмакчы, — дейт Ооганстанда аскердик милдетин аткарып келген.

Убагында баатыр жоокерлер билим алган бул билим уясы шаардагы эң эски мектептердин бири болуп саналат. Шаардагы №31 Курманжан датка атындагы мектеп үч жылдан кийин өзүнүн жүз жылдык мааракесин белгилейт.

– Эстелик ачуу аземинде көзүнө жаш албаган окуучу болбоду. Балдардын мекенчилдик сезимдери ойгонду. Биз баатыр жоокерлерди эскерүү иштерин мындан ары да улантабыз, — дейт мектеп директору Келсинай Эсенгелдиева.

Окуучу балдардын мекенчилдик сезимин курчуткан бул иш-чараны Тургунбаев Абдыманап жетектеген Ош шаардык маданият башкармалыгына караштуу үйлөмө-аспаптык оркестри коштоду.

Бөлүшүү

Комментарийлер