БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРГӨ МАМЛЕКЕТТИК ҮЛГҮДӨГҮ ДОКУМЕНТТЕР БЕРИЛДИ

  • 03.07.2020
  • 0

Кара-Көл шаарында 9-класстын 417 бүтүрүүчүсүнө негизги орто билим тууралуу күбөлүк, 11-класстын 191 бүтүрүүчүсүнө жалпы орто билим жөнүндөгү аттестат тапшырылды.

БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРГӨ МАМЛЕКЕТТИК ҮЛГҮДӨГҮ ДОКУМЕНТТЕР БЕРИЛДИ

Шаардык билим берүү бөлүмүнүн маалыматына караганда энергетиктер шаарчасындагы мектептерде 9-11-класстын мамлекеттик аттестациясы 3-июндан 13-июнга чейин өткөрүлдү.

БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРГӨ МАМЛЕКЕТТИК ҮЛГҮДӨГҮ ДОКУМЕНТТЕР БЕРИЛДИ

— Быйыл 417 бүтүрүүчүгө негизги орто билими тууралуу күбөлүктөр жана 11-класстардын 191 бүтүрүүчүсүнө мамлекеттик үлгүдөгү жалпы орто билими жөнүндөгү аттестататтары тапшырылды. Тогузунчу класстардын 24 бүтүрүүчүсү «Артыкчылык күбөлүгүнө» ээ болушту. Иш-чараларды уюштурууда социалдык аралыкты кармануу, беткап кийүү эрежелери катуу сакталды, — дейт шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты Алымкан Мырзалиева.

БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРГӨ МАМЛЕКЕТТИК ҮЛГҮДӨГҮ ДОКУМЕНТТЕР БЕРИЛДИ

Ьүтүрүүчүлөргө мамлекеттик үлгүдөгү документтерди тапшыруу иш-чараларына ШБББнүн жана ШИИБнүн кызматкерлери катышты.

БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРГӨ МАМЛЕКЕТТИК ҮЛГҮДӨГҮ ДОКУМЕНТТЕР БЕРИЛДИ

Документтерди тапшыруу аземинде тартип бузуулар болгон жок.

А. Алибеков, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер