БҮГҮН ПРЕЗИДЕНТТИК СТИПЕНДИЯ ТАПШЫРЫЛАТ  

  • 16.12.2022
  • 0

БҮГҮН ПРЕЗИДЕНТТИК СТИПЕНДИЯ ТАПШЫРЫЛАТ  

Бүгүн жогорку окуу жайлардын мыкты студенттерине Президент Садыр Жапаров Президенттик “Үмүт” стипендиясын тапшырат.  Быйыл 70 студент 60 миң сомдон стипендия алат. 

БҮГҮН ПРЕЗИДЕНТТИК СТИПЕНДИЯ ТАПШЫРЫЛАТ  

Стипендия ала тургандардын арасында Ош мамлекеттик университетинин төрт студенти бар. Анын бири табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин 4-курсунун студенти Жыргалбек уулу Амантур. Анын GPA баллы — 4.  ОшМУнун Окумуштуулар кеңешинин стипендиаты жана окуудагы,  коомдук иштердеги активдүүлүгү үчүн окуу жайдын Ардак грамотасына ээ болгон. Казакстанда өткөн “Международные книжные издание” долбоору активдүү катышкандыгы үчүн 1-даражадагы диплом менен сыйланган. 2021-жылы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде өткөрүлгөн “Азыркы коомдогу илимдин өнүгүүсүнүн негизи багыттары” аталыштагы эл аралык илимий-практикалык конференцияда 1-даражадагы диплому менен сыйланган.

Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитеттин жаштар саясатын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Ардак грамотасы менен сыйланган. Жыргалбек уулу Амантур Ош облусундагы, Ош шаарындагы жаштар арасында өткөрүлгөн спорттун шахмат түрү боюнча оюндарга катышып диплом, грамоталарга ээ болгон.

ОшМУнун Жаштар кеңешинин дебат клубун жетектеп “Акыл ордо”, “Билерман ордо” жана Баткен мамлекеттик университетинин “Достук-Дебат” оюндарына катышып, бир канча диломдун ээси болгон. “ЖАМУ жарыгы” аттуу эл аралык журналга “Таштандыларды кайра иштетүү деген” макаласы жарыкка чыккан. “Адам сатууга каршы 100 күн”  маалыматтык кампаниясынын алкагында студенттер арасында өткөрүлгөн иш-чарада өз чеберчилиги жана талыкпаган эмгеги үчүн Ош шаарынын мэриясынын диплому менен сыйланган.

“Өзгөн-билим” аттуу интеллектуалдык китеп окуу сынагына кошкон салымы үчүн Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын ыраазычылык каты менен сыйланган. Амантур орус тилинде эркин сүйлөп, англис тилин В1 деңгээлинде билет.

БҮГҮН ПРЕЗИДЕНТТИК СТИПЕНДИЯ ТАПШЫРЫЛАТ  

Бүгүн президенттик стипендия алам деп кубанып турган ОшМУнун дагы бир студенти Акылай Тилебалдиева. Ал педагогика жана психология факультетинин 4-курсунун студенти. Ал президенттик стипендиат болууну студент болуп окуу жайдын босогосун аттаган күндөн тартып эле кыялданган.

  • Президенттик стипендияга жетүү менин эң башкы кыялым болчу. Ошол кыялыма жетүү үчүн үч жыл бою көп аракет кылдым. Коомдук иштерге активдүү катыштым, жакшы окудум, эл аралык конференцияларга катышып, макалаларымды жарыялап турдум. Кыргызстандын мыкты студенти номинациясын жеңип алдым. КМШ өлкөлөрүнүн мыкты студенти номинациясын алдым. Бир ийгиликке жетишем десең талыкпай эмгек кылышың керек экенин түшүндүм, — дейт Акылай.

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин математика жана компьютердик технологиялар факультетинин студенти Эсеналиева Роза дагы бүгүн Президенттик стипендия алам деп кубанычы койнуна батпай турган кези. Өзү окуу жайдан маалымдашкандай, ал университеттин мыкты студенти. Коомдук иштердин активдүү катышуучусу. “Дүбүрүт” адабий клубунун, жаштар комитетинин, “Жаратман” чыгармачылык борборунун мүчөсү. Окуудагы жетишкендиктери, окуу жайлар аралык олимпиадаларга, студенттердин илимий изилдөө конференцияларына, интеллектуалдык оюндарга, акыл таймаштарга катышуусу менен айырмаланат.

Эсеналиева Роза жаштар комитетинин кыздар кеңешинин төрайымы. ОшМПУнун  Ардак грамотасы менен сыйланган,  окуу жайда өткөрүлгөн  “Ректордун билим кубогунан”  3-орунду алган. 2021-2022 окуу жылында  Психология предмети боюнча олимпиадада биринчи даражадагы диплом  менен сыйланган. “Кадамжай жаштары” коомдук бирикмесинен жана “Кенч” окуу борборунан ардак грамота, ыраазычылык каттын ээси.

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер