ТАТТУУ МАЙРАМ, ШАҢ МАЙРАМ

  • 01.06.2023
  • 0

1-июнь — Эл аралык балдарды коргоо күнүндө Билим берүү жана илим министрлиги мектептен тышкаркы билим берүү мекемелеринин 600гө жакын тарбиялануучуларынын катышуусунда Сейтек” борборунда өзгөчө концерттик программа тартуулады.

ТАТТУУ МАЙРАМ, ШАҢ МАЙРАМ

Иш-чарада бөбөктөргө ар кандай көргөзмөлөр жана мастер-класстар уюштурулуп, оюн-зоок программаларынын алкагында “Сейтек” улуттук борборунун “Ушу кунфу” жана «Таэквондо ITF» ийриминин катышуучулары, бийчилери, ырчылары өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева өзүнүн сөзүндө балдарды коргоо күнү бир эле күнгө байланбай, ар бир күн балдарды коргоо күнү болуп, ар бир ата-эне, мамлекет башчысы, жаран балдарды коргошу керектигин айтып, балдарды, алардын кызыкчылыктарын коргоо приоритеттүү орунда туруусу керектигин баса белгиледи.

  • Бүгүн дүйнөлүк алкакта балдарга бактылуу мүнөттөрдү тартуулоого арналган күн. Бирок балдарыбыздын укуктары, кызыкчылыктары ар бир күн корголушу керек. Мен өзүмдүн жана билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиевдин атынан бул бактылуу күн менен куттуктайм. Ар бир үйдүн ханзаадасы, ханышасы – биздин уул-кыздарыбыз. Бөбөктөр ата-энелерге күн сайын таттуу мүнөттөрдү, бактылуу сезимдерди тартуулайт. Балдардан алган позитивдүү энергия ар бир адамга өзгөчө сезимдерди гана тартуулабастан, жашоодогу жакшы позицияларыбыздын, максаттардын пайда болушуна өбөлгө. Балдарыбыздын келечеги кең болуп, өмүрлөрү узун болсун! Ата-энесин сыйлаган, урматтаган, татыктуу уул-кыздардан болушун каалайм, чын жүрөгүмдөн тилейм. Бүгүнкү майрам силерге массалык эмоцияларды тартууласын. Биз, чоңдор балдарга таттуу мүнөттөрдү тартуулаганга ашыга берели. Бул күн балдарыбыз менен кошо чоңдор үчүн да майрам, — деди Токтобүбү Ашымбаева.

Иш-чарага Сокулук районунун Ново-Повловка айылындагы Ч.Айтматов атындагы №1 мектебинде билим алган кызын алып келген Айгүл Эсеналиеванын айтымында, мындай иш-чаралар көбүрөөк өткөрүлүп турушу балдардын өз ара мамилелеринин бекемделишине өбөлгө түзөт.

  • Тилекке каршы, бүгүнкү күнү биз эле эмес, бүткүл дүйнөдө балдар мамиледен алыс болуп, уюлдук телефон биринчи орунга чыгып калды. Бүгүнкүдөй иш-чаралар көп-көп өткөрүлүп турса, балдардын аң-сезими өсүп, дүйнө таанымы өзгөрмөк. Мисалы, иш-чарадагы кол өнөрчүлүк, сүрөт тартууга окшогон мастер-класстар балдардын аң-сезимине жакшы таасир берет. Мындай иш-чара күн сайын өткөрүлүп туруусун салтка айлантып алсак абдан сонун болмок. Чындыгында, майрам жогорку деңгээлде уюштурулуптур. Кызымдын көңүлү көтөрүңкү, шаттуу. Балдардын көңүлү күн сайын ушундай болсун деп тилейм. Жалпы эле ата-энелердин атынан оюн-зоок программаларын уюштуруучуларга терең ыраазычылык билдиремин, — деди Айгүл Эсеналиева.
Бөлүшүү

Комментарийлер