БӨБӨКТӨР СУУСАМЫРДА ЭС АЛУУДА

  • 03.07.2025
  • 0

Суусамыр жайлоосунда кыска мөөнөттүү «Жайлоо өнүгүү борбору» ачылды.

Үч сааттык кыска мөөнөттүү өнүгүү борборунун ачылышына “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун колдоосу жана Талас райондук мамлекеттик администрациясынын, Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн, Талас райондук, шаардык билим берүү бөлүмү колдоо көрсөттү. Ага негизинен ошол аймакта жашаган жана эс алып жүргөн бөбөктөр барат.

Салтанаттуу иш-чарага Талас райондук мамлекеттик администрация-башчысынын орун басары Венера Мамбеталиева катышып, балдар үчүн эс алуу менен өнүктүрүүнү айкалыштырууга чоң мүмкүнчүлүк түзүлүп жатканын баса белгиледи.

Кошумчалай кетсек, Суусамырдагы «Жайлоо өнүгүү борбору» 20-июлга чейин иштейт.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер