БӨБӨК КЕЗДЕН КАМ КӨРӨЛҮ

  • 05.01.2018
  • 0

«Р.Отунбаеванын демилгеси» эл аралык фондунун демилгеси  менен Балдарды эрте өнүктүрүү Базалык стандарттарды жана ата-энелер үчүн күндөлүктү коомчулукка жеткирүү маселеси Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин кезектеги отурумунда каралды. 

БӨБӨК КЕЗДЕН КАМ КӨРӨЛҮ

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касмалиева кесиптештерин төрөлгөндөн баштап 3 жашка чейинки балдардын эрте өнүгүүсү боюнча колдонмо БУУнун Балдар фондусунун (ЮНИСЕФ) техникалык колдоосунун негизинде мекемелер аралык (КР Саламаттык сактоо министрлиги жана Билим берүү жана илим министрлиги) жумушчу топ тарабынан иштелип чыкканын маалымдады.

БӨБӨК КЕЗДЕН КАМ КӨРӨЛҮ

—  Кыргызстанда адам ресурсу абдан баалуу. Илимий жактан да үч жашка чейинки өнүгүү абдан маанилүү экени далилденген. Ошондуктан үч жашка чейин эне менен баланы колдоо керек. Мисалы, Масару Ибуканын «Үч жаштан кийин кеч» китебинде үч жаштан кийинки көмөк анчейин деле көрүнбөй калат экен. Бул колдонмодо сунушталган балдардын эрте өнүгүүсүнүн стандарттары баланын ар тараптуу гармониялык өнүгүүсүнүн негиздерине бирдиктүү жана жоопкерчиликтүү көз карашта карап, баланы өстүртүүдөгү жана тарбиялоодогу күтүлүүчү натыйжалар боюнча ата-энелерге жана ушул иш-аракетке катыша турган бардык чоң адамдарга маалымат берүүчү негизги документ болуп эсептелет. ЮНИСЕФ тарабынан баланын төрөлгөндөн баштап жети жашка чейинки Өнүгүү күндөлүгү да иштелип чыгылган. Ушул колдонмолорду региондорго таркатуу маселеси турат. Комитет колдоп берсеңиздер, келечек үчүн бул абдан маанилүү. Бул китепти  кайрадан басып чыгарууга көп деле каражат кетпейт. Кандайдыр бир жол менен көбөйтүп, таркатышыбыз керек, — деди депутат.

Андан соң ЖКнын депутаттары Садык Шернияз, Н.В.Никитенко, Е.Г.Строгова, А.Жапаровдор демилгени көтөрүп чыккан «Р.Отунбаеванын демилгеси» эл аралык фондуна ыраазычылыктарын билдиришип, келечек муун үчүн абдан керектүү стандарттарга каражат бөлүү керек экенин айтып, бир добуштан колдошту.

— «Үч жаштан кийин кеч» китебин кайрадан редакциялап чыгуу керек. Бул колдонмолор, китептер аба менен суудай керек болуп турат, — деди депутат Садык Шернияз.

Анын сөзүн улай Акылбек Жапаров  жөлөк пулга муктаж 400 миң балага күндөлүктөр бекер берилиши керек экенин белгиледи.

— Көбүнчө балдардын ата-энелери миграцияда жүрүшөт. Ошондуктан балдар  чоң ата, чоң энелердин колунда калышкан. Колдонмолор аябай кичинекей шрифт менен жазылыптыр, кыскача жазып, шрифтерин чоңойтуу зарыл, — деди депутат.

БӨБӨК КЕЗДЕН КАМ КӨРӨЛҮ

Андан соң «Р.Отунбаеванын демилгеси» эл аралык фондунун аткаруучу директору Догдуркүл Кендирбаева колдонмолор тууралуу чакан презентация берди.

—  Баланын мээсинин калыптанышынын эң алгачкы мезгили, фундаменттин калыптанышы, нейрондордун өнүгүшү, коммуникативдик, эмоционалдык, интеллектуалдык пайдубалдын түптөлүшүндөгү  башталгыч өнүгүү  мезгили көңүлдүн сыртында калып атат. Анткени эне-аталар менен кездешкенде алар балдардын муктаждыгын дегеле билбейт. Жапон инженери Масару Ибука «3 жаштан кийин кеч» деген китебинде адамдын өнүгүү процессиндеги өзгөчөлүктөрдүн бардыгын илимий деңгээлде аныктап, далилдеген. Эгерде балдарга өз убагында өнүгүү муктаждыктарын чечип жана керектөөсүн канааттандыра албасак  эртең кеч болуп калат. Эрте өнүгүүдөн өксүгөн бала, мамлекеттин кубаттуу өнүгүшүнө салым кошо албайт. Ошондуктан бүгүнкү күндө дүйнөдөгү эң артыкчылыктуу багыттын бири  эрте жаштагы балдардын өнүгүүсүнө кам көрүү. ЮНИСЕФ тарабынан ата-энелер үчүн өнүгүү күндөлүгү иштелип чыкты жана ар бир эне баласынын өнүгүүсүн жана өзгөрүшүн байкоо жүргүзүүсүнө өтө керектүү маалыматтар топтолгон.

Нобель сыйлыгынын лауреаты, белгилүү америкалык окумуштуу Хикман айткан, канчалык балдарды эрте өнүгүүгө 1 доллардан салсак  кезегинде жетиден он долларга чейин кайтарылып берилет. Демек канчалык балдарга  туруктуу өнүгүүгө эрте жаштан жумшаган өлкө  — экономикалык жактан кубаттуу өлкөгө айланат. Колдонмону медициналык кызматкерлердин, мектепке чейинки уюмдардын адистеринин жана социалдык кызматтын кызматкерлеринин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу үчүн колдонсо болот; ошондой эле медициналык жана педагогикалык жогорку жана орто окуу жайларынын студенттерин окутууда; жекече практикада; эрте курактагы балдардын өнүгүү сапатын жакшыртууда, тарбиялоодо жана аларга кам көрүүдө, ата-энелдердин педагогикалык компетенцияларын жогорулатуу максатында колдонуу сунушталат, — деди Д.Кендирбаева.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер