Азия чемпионатында Эрлан Шеров финалга чыкты

  • 26.09.2023
  • 0

Азия чемпионатында Эрлан Шеров финалга чыкты

Дзюдо боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Эрлан Шеров Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарынын финалына чыкты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинин басма сөз кызматы билдирди.

Спортчу 90 кг салмак даражасында беттешти. Эрлан Шеров алгач кытайлык спортчуну 1:0 эсебинде, чейрек финалда ливандык атаандашын 10:0 эсебинде жана жарым финалда Бириккен Араб Эмирликтеринен спортчуну жеңип, финалга жолдомо алды.

Финалдык беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 14:00до болот.

Бөлүшүү

Комментарийлер