АЗИРЕТ АР ДАЙЫМ АЛДЫДА!

  • 20.11.2024
  • 0

Президенттик «Акылман» лицейинин тарых мугалими Азирет Заидов үчүн бүгүнкү күн анын агартуучулук ишиндеги эң бир унутулгус күндөрдөн болуп калды.

АЗИРЕТ АР ДАЙЫМ АЛДЫДА!

Өлкө президенти Садыр Жапаров «Жыл мугалими — 2024» сынагынын башка жеңүүчүлөрүнүн катарында Азирет Заидовго 200 миң сомду алууга  сертификат тапшырды.

— Эмне үчүн «Билим берүү  мыктысын» 13 жылда алышым керек? «Көрөсүңөр, мен аны үч жылда алам!» дечүмүн. Жаштын тилегин берет экен, так ошондой болду. Өткөн айда, сынакты жыйынтыктоодо, «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгисин ыйгарышкан болчу, бул жолу акчалай байгесин өлкө башчысы өзү тапшырды, — дейт Азирет.

Жаш педагог өзүнүн алдына койгон максаттарын да бизден жашырган жок.

— Алма-Атага барып, айтылуу жаңычыл педагог Шалва Амонашвилиге жолугуп, анын сабагына катышып келдим. Мен да атактуу грузин педагогундай педагогика илимин терең казып үйрөнсөм дейм. Учурда тема алып, кандидаттык ишимдин үстүнөн иштеп жатам, — деди ал.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер