АЙЗАДА АКБЕКОВА: “КҮЧТҮҮ КООМДУН, УЛУТТУН УҢГУСУ — БИЛИМДҮҮ КЫЗДАРДА»

  • 07.12.2020
  • 0

Ушул күндөрү дүйнө жүзү боюнча аялдарга карата зомбулукка каршы 16 күндүк өнөктүк жүрүп жатат. Тилекке каршы, быйыл COVID – 19 апааты гендердик зомбулукту ого бетер күчөттү. Зомбулукту токтотуу жолдорунун бири — билимдүүлүк. ЮНИСЕФтин “Илимдеги кыздар” долбоорун «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык фонду, Борбор Азиянын Америка университетинин колледжи жана «Балдарды коргоо борбору» коомдук бирикмеси менен өнөктөштүктө ишке ашырылып келатат. Ушул долбоордун ментору, Европадагы эң ири IT компаниялардын биринде иштеген Айзада Акбекова менен маектештик.

— Айзада айым, Сиз кыргызстандык кыздар үчүн IT темаларында онлайн сабактарды өтүп келатасыз. Азыр болсо “Илимдеги кыздар” долбоорунун ментору катары окуучу кыздар менен тыгыз байланышып, иштеп жатасыз. Сиздин оюнузча, так илимдерди кыздар багынта албайт деген калыптанган стереотиптер да кайсы бир деңгээлде психологиялык зомбулукка кириши мүмкүнбү?

— Ооба, биз Германиядагы IT ааламын багынткан кыздар Перизат Сүйүндүк кызы, Элнура Нуралиева, Нурзат Чынтемирова, Үмүт Муратбекова, Гүлбарчын Акбекова жана Толгонай Муратбекова менен биргеликте кыргыз тилинде IT сабаттуулук, программалоого киришүү жана маалымат базасы боюнча сабактарды Кыргызстандагы өспүрүм кыздарга өткөнбүз. Биздин кыздарыбыз да, уулдарыбыз да зээндүү. Бирок так илимдер багытына мындан дагы көбүрөөк сүрөшүбүз керек.

Дүйнө жүзүндө деле так илимдерге кызыккан кыздардын саны аз. Так илимдерге кыздарды үндөө эми күчүнө киргендей. Менин оюмча, кесип тандоодо кызына ишенип, мисалы, инженердик кесипке үндөө, кызыктыруу кайра эле ата-энеден башталат.

Жашоодо психологиялык ар түрдүү басымдар көп болот. Өжөрлөнүп эле алдыга жыла берүү керек.

— Так илимдерде ийгилик жараткан кыздар, айымдар арасындагы STEM адистиктердин өкүлдөрү канчалык деңгээлде зомбулукту азайтууга таасир бере алат?

— Негизи адам баласы колунан келген чебер, профессионал адамдарды, өзгөчө айымдарды сыйлоого аргасыз болуп келген. Эгер келечекте так илимдерди багынткан айымдар көп болсо, коомдогу кыздарда өзүнө ишенүү күчү артат. Менин оюмча, деги эле кыргыз өзүнүн күчүнө аз ишенип, «бизден инженер чыкпайт, так илимдер өнүкпөйт, немистер, япондор эле машина курат да, америкалыктар мыкты IT тиркеме жасайт да» деп аябай басынып жашайт. Коомдо так ушуну эң биринчи жоюшубуз зарыл. Мисалы, азыр окумуштуу, илимдин доктору Асел Сартбаеванын дүйнөлүк ийгилиги Кыргызстандагы канча адамга, илимде биз деле жол сала алабыз деген ишенимди берет. Же жакында эле Кыргызстанда туруп Лондондогу Фейсбукка жумушка алынга Чолпон Абдыжапарова — канча кызга шык берди?!

Дагы да кыздарга билим берүүдөгү бир нерсе бар. Кыргыз коомчулугу ийгиликтүү аялзаты деп жалаң эле илим-билимдин артынан түшүп кеткен эмес, жеке турмушун, үй-бүлөсүн тең алган айымды түшүнүшөт. «Кызым билимдин артынан түшсө, турмушка чыкпай калат», — деп корккон ата-энелер четтен чыгат. Күчтүү коомдун, күчтүү улуттун уңгусу — билимдүү кыздарда, болочок энелерде.

Билимдүү айым деген үй-бүлөсүн унутуп коюу дегенди билдирбейт. Тескерисинче, билимдүү айым, түшүнүктүү жар, уул-кызына жакшы тарбия, билим жана келечек куруп берген асылжан болоорун эстен чыгарбасак.

— Кыргызстанда деле зомбулукту токтотуу максатында көптөгөн долбоорлор иш алып барат, ар кандай өнөктүктөр байма-бай уюштурулуп келет, а бирок бул маселе чечилбей келүүдө. Мунун себеби эмнеде деп ойлойсуз?

— Мүмкүн бул биздеги коомдун, ата-эненин жана ар бир жарандын жоопкерчилигинен кандайдыр деңгээлде көз каранды.

— Кантип бул кырдаалдан чыгабыз?

Биринчиден, кыздарды тажабай эле билимге үндөө зарыл. Анткени билимдүү адам өзүнө ишеними чоң болуп, өз укугун коргой биле алат. Экинчиден, уул балага деген тарбияны, кыздарды сыйлоону күчөтө берүү керек. Анткени коомдо уул өзүнчө, кыз өзүнчө жашабайт да. Ошон үчүн кыз баланы сыйлоону, аздектөөнү ар бир үй-бүлөдөгү тарбиядaн баштоо керек. Үчүнчүдөн, коомдун өзүндө аялзатына болгон сыйды дагы көтөрүү керек. Зомбулукка көз жумбай, кылмыш катары таанысак, мыйзамдуулук өкүм сүрсө, адилеттүүлүк орун алмак. Кайдыгер эмес коомчулук менен гана жакшы ийгиликтерге жетебиз.

Тажабай эле түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, илим-билимге абдан көңүл буруу аркылуу жетишсек болот. Бирок бул жай процесс экенин да эске алуубуз зарыл.

Кыз бала болобу, уул бала болобу эле тарбияны, мээримди ата-энеден алат. Эң биринчи, үй-бүлө жоопкерчилик алуусу зарыл. Кайдыгер карабаган, адилеттүү коомчулук жана мыйзамдуулук зомбулуктун азайышына шарт түзөт.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер