АЙТМАТОВДУН МУРАСЫ – ЖАШТАРДЫ БИРИКТИРГЕН АЯНТЧА

  • 30.06.2026
  • 0

24–30-июнь күндөрү Ысык-Көлдө өткөн «Чыңгыз Айтматовдун мурасы: келечек менен диалог» аттуу эл аралык балдар жана жаштар форуму жаш таланттарды, чыгармачыл өспүрүмдөрдү жана келечекке умтулган жаштарды бир аянтчага чогултту. Агартуу министрлиги жана «Балажан» республикалык окуу-усулдук эстетикалык тарбия борбору уюштурган форумга Кыргызстандын бардык аймактарынан, ошондой эле Казакстан, Өзбекстан жана башка өлкөлөрдөн келген жүздөгөн катышуучулар катышты.           АЙТМАТОВДУН МУРАСЫ – ЖАШТАРДЫ БИРИКТИРГЕН АЯНТЧА

Форумдун башкы максаты – улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылык жана гуманисттик мурасын жаш муунга жеткирүү менен катар, таланттуу балдардын өз ара тажрыйба алмашуусуна, достук байланыштарды чыңдоосуна жана чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө шарт түзүү болду.

Айтматовдун чыгармалары – тарбиянын түбөлүк мектеби

Форумдун алгачкы күнү эле мазмундуу иш-чараларга бай өттү. Катышуучулар үчүн илимий тренингдер, чыгармачылык мастер-класстар жана практикалык сабактар уюштурулуп, билим берүү программасы бир нече багытта жүргүзүлдү.

Педагогика илимдеринин кандидаты, «Балажан» республикалык окуу-усулдук эстетикалык тарбия борборунун директору Замиркүл Молдалиева «Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы руханий-адеп-ахлактык тарбия» темасында тренинг өттү. Анда жазуучунун чыгармаларындагы адамгерчилик, боорукерлик, улуттук баалуулуктар жана алардын бүгүнкү күндөгү тарбиялык мааниси талкууланды.

Форумдун уюштуруучулары жаштарга адабиятты гана эмес, заман талабына жооп берген жаңы билимдерди да сунуштады. 12–17 жаштагы өспүрүмдөр «Келечектин технологиялары: идеялар инновациялык стартаптарга кантип айланат?» жана «Келечектин командасы: идея менен талантты кантип бириктирүүгө болот?» аттуу тренингдерге катышышты. Ал эми 9–11 жаштагы балдар үчүн стартап-долбоорлорду иштеп чыгууга арналган өзүнчө чыгармачылык сабактар уюштурулду.

АЙТМАТОВДУН МУРАСЫ – ЖАШТАРДЫ БИРИКТИРГЕН АЯНТЧА

Чыгармачылык менен инновация айкалышкан аянтча

Форумдун эң маанилүү бөлүктөрүнүн бири эл аралык пленэрдик практика болду. Ага Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандан келген белгилүү сүрөтчүлөр, искусство таануучулар жана чыгармачыл адистер катышып, жаш сүрөтчүлөр менен тажрыйба бөлүшүштү. Пленэр чыгармачылык чеберчиликти арттырууга гана эмес, өлкөлөр ортосундагы маданий кызматташтыкты чыңдоого да өбөлгө түздү.

АЙТМАТОВДУН МУРАСЫ – ЖАШТАРДЫ БИРИКТИРГЕН АЯНТЧА

Мындан сырткары декоративдик-колдонмо искусство, комуз өнөрү, робототехника, шахмат, таэквондо жана башка багыттар боюнча мастер-класстар уюштурулуп, ар бир катышуучу өз кызыгуусуна жараша билим алып, талантын өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк алды.

Кечкисин форумдун эң таасирдүү маданий иш-чараларынын бири – «Айтматов кечеси» өттү. Адабий композициялар, чыгармачылык номерлер жана жазуучунун чыгармаларынын негизинде даярдалган көрсөтүүлөр катышуучуларга өзгөчө таасир калтырды. Күн достукту жана ынтымакты бекемдеген көңүлдүү маданий программа менен жыйынтыкталды.

АЙТМАТОВДУН МУРАСЫ – ЖАШТАРДЫ БИРИКТИРГЕН АЯНТЧА

«Балдар жаңы досторду таап, чоң шыктануу менен кайтышты»

Талас облустук балдарга билим берүү борборунун координатору Күлсаара Тайлакованын айтымында, форумга Коңурбаев атындагы «Баластан» билим берүү борборунун сүрөт ийриминен 22 окуучу, Айтматов районунан 44 окуучу жана «Алтын түйүн» борборунун Талас филиалынан 13 окуучу катышкан.

– Лагердин программасы эртең мененки көнүгүүдөн тартып кечки эс алууга чейин тыгыз уюштурулуптур. Балдардын убактысы текке кеткен жок. Пленэр учурунда алар Ысык-Көлдүн жээгинде пейзаждарды тартып, кийинки күндөрү Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде өз фантазияларын сүрөт аркылуу чагылдырышты. Жыйынтыгында биздин окуучулардын экөө байгелүү орундарды ээлеп, дагы экөө кызыктыруучу сыйлыктарга татыктуу болушту, – дейт ал.

АЙТМАТОВДУН МУРАСЫ – ЖАШТАРДЫ БИРИКТИРГЕН АЯНТЧА

Анын белгилешинче, форумдун эң чоң жетишкендиги – ар кайсы өлкөлөрдөн жана аймактардан келген балдардын бири-бири менен жакындан таанышып, жаңы досторду табышы болду.

– Балдар робототехника көргөзмөлөрүнө, чыгармачылык сынактарга чоң кызыгуу менен катышышты. Форум аяктагандан кийин да кийинки жылы кайра келүүнү кыялданып, жаңы идеяларын бөлүшүп жатышты. Бул алардын форумдан канчалык чоң шыктануу алганын көрсөтөт, – деди координатор.

АЙТМАТОВДУН МУРАСЫ – ЖАШТАРДЫ БИРИКТИРГЕН АЯНТЧА

«Бул форум мен үчүн чоң мектеп болду»

Манас шаардык «Ариет» балдар чыгармачылык борборунун директорунун милдетин аткаруучу Эльвира Маматжанованын айтымында, быйыл борбордон робототехника, стартап жана шахмат ийримдеринен 34 окуучу катышкан. Борбордун балдары лагерге 5-6жылдан бери катышып келет. Былтыр 17окуучу бир гана ийрим менен келген болсо, быйыл робототехника жана стартап кошулду. Жыл сайын лагерге катышууну каалаган балдардын саны артууда.

АЙТМАТОВДУН МУРАСЫ – ЖАШТАРДЫ БИРИКТИРГЕН АЯНТЧА

Аталган борбордун тарбиялануучусу, 10-класстын окуучусу Мэдина Кочкорбаева бул иш-чарага экинчи жолу катышты.

– Биринчи жолу сахналык өнөр боюнча келсем, бул жолу стартап багытында катыштым. Мага өзгөчө тренингдер абдан жакты. Долбоорду кантип түзүү, идеяны кантип өнүктүрүү жана аны ишке ашыруунун жолдорун үйрөндүм. Бул жолу бош убакыт дээрлик болгон жок, ар бир мүнөт пайдалуу өттү, – дейт ал.

Мэдина чыгармачылык борборунда сегиз жылдан бери көркөм окуу, стартап жана чет тилдери боюнча билим алып келет. Ал мындан тышкары төкмө акындык өнөрдү өздөштүрүп, алып баруучулук менен да алектенет. Анын айтымында, форум жөн гана жайкы эс алуу эмес, келечектеги ийгиликтерине бекем негиз боло турган чоң тажрыйба болду.

Ысык-Көлдө өткөн эл аралык форум дагы бир жолу Чыңгыз Айтматовдун мурасы бүгүнкү күндө да жаштарды бириктирген, ой жүгүртүүгө, чыгармачылыкка жана жаңычылдыкка үндөгөн күч экенин далилдеди. Форумдан кайтып бара жаткан ар бир катышуучу жаңы досторду, жаңы билимди жана келечекке болгон жаңы демди ала кетти.

Айгерим Токтобаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер