АЙТМАТОВ БАЛДАР ДҮЙНӨСҮНДӨ

  • 04.12.2023
  • 0

28-29-ноябрында Балдардын жана өспүрүмдөрдүн «Сейтек» улуттук борбору Билим берүү жана илим министрлиги @bilimilimkg менен биргеликте залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына арналган «Айтматов балдар дүйнөсүндө» аттуу республикалык театралдык фестиваль-сынагын жыйынтыктады.

АЙТМАТОВ БАЛДАР ДҮЙНӨСҮНДӨ

Фестивалга республиканын облустарында өткөрүлгөн сынактардын жеңүүчүлөрү келип катышты.

Театралдык фестиваль-сынактын жеңүүчүлөрү:

— Гран-при — Чоң-Алай районундагы Ак-Суу орто мектебинин базасында түзүлгөн БЧБнын ,,Театр-форум театралдык студиясы»;

— I орун – Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы №17 “Кыла” ЖББОМ;

— II орун – Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Эргеш Мейманов атындагы орто мектеби;

— III орун – Ош шаарындагы №23 И.В. Панфилов атындагы мектеп-гимназиясы;

— Мыкты спектакль номинациясы – Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы Балдар билим берүү борбору;

— Мыкты актерлук ансамбль номинациясы – Талас облусунун Айтматов районундагы Ч.Айтматов орто мектеби;

— Мыкты аткаруучу (эркек баланын ролу) – Чүй облусунун Москва районундагы Петровка ЖББОМнин окуучусу Нуркулов Нуртилек Жоломандын ролун мыкты аткаргандыгы үчүн;

— Мыкты аткаруучу (кыз баланын ролу) – Бишкек шаарынын Ленин районундагы №80 Ш.Назаркулов атындагы ЖББОМнин окуучусу Садыбакашова Асель Майрык чаар-жез-кемпирдин ролун мыкты аткаргандыгы үчүн;

— Мыкты коюучу номинациясы — Чоң-Алай районундагы Ак-Суу орто мектебинин базасында түзүлгөн БЧБнын ,,Театр-форум» театралдык студиясынын жетекчиси Марзихан Мамаражапова.

Жеңүүчүлөргө статуэткалар, заманбап үлгүдөгү ноутбук, портативдик аудиосистемалар, телевизорлор ж.б. сыйлыктар берилди. О.э. аймактан келген катышуучулардын эки күндүк жатаканасы, шаар ичиндеги транспорту жана ысык тамагы каралган.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер