АЙРЫМ МЕКТЕПТЕРДИН ФОРМАСЫ ӨЗГӨРӨТ

  • 29.10.2020
  • 0

Айрым мектептер пилоттук негизде башталгыч, орто жана жогорку мектеп болуп формасын өзгөртөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев бүгүн Фейсбуктан түз эфирде жарандардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Министрдин айтымында, мындай өзгөрүүнү Бишкектин бир районуна жана Токмок шаарына пилоттук негизде киргизүү үчүн эки пилоттук долбоор иштелип жатат.

— Кээ бир мектептерде балдар нормадан ашып жатса, айрымдарына барбай жатышат. Албетте, бул сапатка байланыштуу болуп жатат. Ушуну жөнгө салуу максатында айрым мектептердин формаларын өзгөртүүнү туура көрүп жатабыз. Муну менен билим сапаты, класстардын тартыштыгы, балдардын коопсуздугу боюнча маселелер чечилет. Мисалы, 11-класстын окуучусу менен 1-класстын окуучусунун бир мектепте окуганынын пайдалуу дагы, терс дагы жактары болуп жатат, — дейт Алмазбек Бейшеналиевич.

Бөлүшүү

Комментарийлер