АЙДООЧУГА САЛЫНЧУ АЙЫП ПУЛ КӨБӨЙӨТ

  • 03.03.2023
  • 0

Акыркы үч жылда жол кырсыгынан 2,3 миң адам каза болгон. Автоунааны мас абалында айдагандардын кесепетинен 157 адам өз өмүрү менен коштошкон.

«Кабар» агенттигине берген интервьюсунда Президент Садыр Жапаров 8-марттан баштап жол эрежесин бузгандарга чектелген айып пулдар эмне үчүн жогорулагандыгын түшүндүрүп өттү: “…Айып пулдардын өлчөмү бюжетти толтуруу үчүн жогорулаткан жок, айып пулдан түшкөн акча – деңизге түшкөн тамчыдай эле. Казына салык жана бажы төлөмдөрүнөн түшкөн каражаттан көбөйөт. Айып пулдун өлчөмүн көбөйткөнүбүздүн себеби – каза болгондордон тышкары жарандарыбыз өмүр бою майып болуп, жаш балдарыбыз каза болууда. Акыркы үч жылда жол кырсыктарынан 2,3 миң адам каза болгон. Согушта да мынча адам өлбөйт”.

АЙДООЧУГА САЛЫНЧУ АЙЫП ПУЛ КӨБӨЙӨТ

Статистикалык маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда былтыр жарым жылда эле балдар катышкан 929 авария катталып, 37 баланын өмүрүн алып кеткен.

Жол кырсыгын бузгандардын жоопкерчилигин күчөткөн мыйзам 8-марттан кийин өз күчүнө кирет. Ага ылайык, мас абалында автоунаа айдаган айдоочу мурдагыдай 17500 сом айып пул төлөп кутула албайт, ал дароо бир жылга укугунан ажыратылат, эгерде дагы кайталаса – үч жыл айдай албайт. Андан тышкары, эгерде айдоочу бир жылда бир нече беренелер боюнча жол эрежелерин үч жолу бузса, кайра экзамен тапшырууга милдеттүү.

Акыркы 30 жыл аралыгында айдоочулар күбөлүктү окубай эле сатып алып жүрүшкөнү жашыруун эмес. Андыктан, бул сунуштун демилгечилери жол эрежесин бузган айдоочу билимин тастыктоочу экзаменди кайра тапшырууга тийиш деп эсептешет.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер